Difference between revisions of "АЙЫЛ ӨКМӨТҮ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жерг. коомчулуктун ишмердүүлүгүн ж‑a жашоо‑тиричиликти
камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык ж‑a шаарча кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. А. ө. өзүнүн ишмердүүлүгү б‑ча айылдык же шаарча кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамл. бийлик‑укуктар б‑ча жерг. мамл. адм‑нын башчысына жоопкерчиликтүү. А. ө‑нүн башчысы жерг.
эл тарабынан төрт жылга шайланат.
А. ө. укук абалы жагынан мамл. башкарууга тийиштүү, бирок мамл. башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кырг‑нда 453 А. а. бар, а. и. Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 ж‑а Баткенде 31 (2019).
А Бекбосун кызы.