Difference between revisions of "АЙХАЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– Якутиядагы алмаздын ири кени; А. шаарына жакын. 1960‑ж. ачылып, 1961‑жыл­дан карьерден, 1997‑жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгач­кы запасы б‑ча Россиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40‑50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын‑Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген‑карбонаттуу тоотектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээр­лик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө‑жанартоотектери, ким­

берлит туфтары (калындыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында ал­маз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/п), сала­ты төмөн майда таштар басымдуу (ромбодо­декаэдр 60%), зергелик калдыгы 25% ке чейин (1997‑жылга карата массасы 50 караттан аш­кан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).