Difference between revisions of "АЙТЫШ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
180-227>KadyrM
(Айырма жок)

15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

– акындардын, ырчылардын, чечендер­дин чыг‑лык кудуретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыг­лыгында өнүккөн жанр, байыртан бери келе жаткан элдик оозеки көркөм өнөрдүн бир түрү. Ал адат‑салт А‑ы ж‑a акындар А‑ы болуп

бөлүнөт. Адат‑салт А‑ына: бадик, кайым, сар­мерден, кыз‑жигит айтышы ж. б.; акындар А‑ына: алымсабак, табышмак, кордоо, учура­шуу, чечен айтыш ж. б. кирет. Пайда болушу ж‑a өнүгүшү жагынан. А. жанры байыркы үрп­адат, ырым‑жырымдарга байланышып, эл тур­мушун кенен чагылткан. А‑тын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга кызмат кылуу­сун шарттаган. Мис., бадикте адамдар кезек м‑н туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну дене­ден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак‑салмак ырдашкан. Жаштар­дын ой‑санаалары, кубаныч‑эңсөөлөрү кайым айтышууда, сармерденде кенен чагылдырылган. Уруучулук доордо акындар А‑ы кеңири өнүккөн. Бийлөөчүлөр аларды той‑тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайда­ланышкан. Адегенде эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун

АЙТЫШ15.png

артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаан­даш уруунун кемчил жактарын ачып, кордоп айтышкан. А. өнөрүнө Токтогул идеялык‑эс­тетикалык жаңы принциптерди кийирген. Ал чулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турган, учурашуу, элдин көңүлүн ачуу максатын көздөгөн, эзүүчү м‑н эзилүүчүнүн ор­тосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылткан. Табышмак A‑та акындар бири биринин турмуш­тук, филос., диний маалыматтарын сынашса, алымсабак A‑та негизинен жаш акындын та­лантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык, Алымкул, Осмонкул сыяктуу акындар А. өнөрүнүн ири чеберлери болгон. А‑тын мазмуну көп учурда адамдардын бейпил турмушун, күжүрмөн эмге­ги, тынчтыкты, ынтымакты даңазалоого арна­лат. Акындар A‑та төкмөлүктүн эң бийик чеги­не жетет. Кыргыз ад‑тынын тарыхында А. жан­рын өнүктүрүүдө Токтогул м‑н Эшмамбет, Же ңижок м‑н Коргол, Барпы м‑н Калык сыяктуу акындардын ролу чоң. Т. Тыныбеков, Э. Тур­суналиев, А. Айтпалиев, Т. Абдиев, 3. Үсөнбаев ж. б. А. салтын улантуу м‑н алардын ажайып үлгүлөрүн унуттурбай элге алып чыгып келиш­ти. А. – кыргыз оозеки поэзиясындагы акын­дардын жекеме‑жеке беттешүүсү, «күч сынашуу­су», поэтикалык эрөөлү. Анда акындын чуку­гандай сөз тапкычтыгы, ойду улам тереңдетип өрчүтө билиши, көркөм ой‑жүгүртүүсүнүн мас­штабы, тереңдиги, о. эле ырдын ыргагына, уй­кашына жараттта көркөм сөз каражаттарын өз­өз ордуна коё билиши аныкталат. Адатта А. «саламдашуудан» башталат. Буга «Токтогул менен Барпынын», «Барпы менен Жеңижоктун учурашуусу» мисал. Жеңижок м‑н Эсенамандын поэтикалык кездешүүсүндө жер‑суу, тоо‑таш, жаратылыш көркү, аалам, ай‑күн, жашоо‑ти­ричилигинен баштап, дүйнөнүн жаралыш сы­рына чейин камтылат. Азыр А. элдик турмуш­ту кеңири чагылткан публ. салтанаттуу трибу ­нага айланды. Форма жагынан А. салмактуу келип, майрамдарда, театр сахналарында акын­дык күч сынашуу м‑н аткарылат, ал радиоук­туруу, телекөрсөтүү, басма сөз аркылуу тарайт. Бири бирин ыктуу чымчышуу, жылдырма как­шык, азилдүү тамаша, юмор, шакаба, сын, баа берүү, эбине келтире айтылган калп ж. б. А‑тын беделин көтөрөт. Бүгүнкү күндө бул өнөр жанданып, респ‑нын эл артисттери айтылуу акындар: А. Айталиев ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мектебинин түптөлүшү; төкмө акындардын респ. айтышы (2001, 2002); Ш. Шеркулов ж‑a М. Ба­етовдун 100 жылдыгына карата Таласта өткөн төкмө акындардын эларалык айтышы; А. Ай­талиевдин мааракесине (75) арналган төкмө акындардын эларалык айтышы; Казыбектин 100 жылдык мааракесине арналып, Ат‑Башы жергесинде өткөн акындардын респ. айтышы; Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Бишкек ш‑нда өткөн (2003) төкмө акын­дардын эл аралык айтышы; «Жеңижоктун кут жылдызы» аттуу алтын төш белгиге арналган төкмө акындардын эл аралык айтышы; улуу акын Токтогулдун 140 жылдыгына арналган респ. төкмө акындар айтышы кыргыз ад‑т тарыхында баа жеткис мурас болуп саналат. О. эле кийинки муун өкүлдөрү Э. Иманалиев, А. Кутманалиев, Ж. Токтобеков, М. Керим кызы, А. Нуралиев, Азамат Таалай, А. Тутку­чев, Ж. Алыбаев, Ш. Адылов ж. б. жаш акын­дар эл сыймыгына айланды.
Ад.; Таштемиров Ж. Айтыш тар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» ките­бинде. Ф., 1973; Айтыштар. Ф., 1973.
А. Обосканов.