Difference between revisions of "АЙТАЛИЕВ Ашыраалы"
м (1 версия) |
180-227>KadyrM |
(Айырма жок)
|
15:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
Ашыраалы (8. 3. 1927, Чүй обл., Кант р‑ну, Жедигер айылы – 13. 10. 2008, Бишкек) – төкмө акын, обончу, ырчы, КРдин эл арт. (1994). Комуз чертүүнү 1942‑43‑жылдардан баштаган. Жаш кезинен Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайыл ж. б‑дан таалим алган.
Эмгек жолун 1946‑ж. филармонияга келип, ырчы‑акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атн. муз. окуу жайында, М. Абдраев атн. муз. мектепте балдарга акындык өнөр б‑ча сабак берген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар м‑н айтышып, кыр гыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан, айтышгын ар кандай салттарын өнүктүргөн. «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б. дастандарды чебер айтат. Бир катар ырларды жазып, аларга обон чыгарган. «Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» ж. б. чыгармалары угармандардын арасында элдик ыр катары тараган. «Залкарлар арасында» деген ырлар жыйнагы чыккан (1986). III даражадагы Манас ордени м‑н сыйланган.