Difference between revisions of "АЗИРЕИЛ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
   – диний түшүнүк б&#8209;ча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жерде ги адамдардын санына барабар көз ж&#8209;а тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отур­ган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай ''Адамды'' жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил ж&#8209;а Исрафил пе­риштелер алып келе албай коюшат. Муну А. ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жал­ган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны дене­синен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондук­тан А. көп учурда Кудайга кайрылат деп айты­лат. Миф б&#8209;ча Муса көпкө чейин А. м&#8209;н карма­шып, каршылык көрсөткөн делет. А. ж&#8209;дө ал гачкы маалыматтар библиялык мифология­ларда, иудей булактарында, кийин Куранда ай­тылат.<br>
   – диний түшүнүк б&#8209;ча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз ж&#8209;а тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отур­ган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай ''Адамды'' жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил ж&#8209;а Исрафил пе­риштелер алып келе албай коюшат. Муну А. ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жал­ган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны дене­синен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондук­тан А. көп учурда Кудайга кайрылат деп айты­лат. Миф б&#8209;ча Муса көпкө чейин А. м&#8209;н карма­шып, каршылык көрсөткөн делет. А. ж&#8209;дө алгачкы маалыматтар библиялык мифология­ларда, иудей булактарында, кийин Куранда ай­тылат.<br>
 

13:34, 13 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – диний түшүнүк б‑ча жан алгыч, Кудайдын эң жакын периштелеринин бири. Ал төрт жүзү, төрт миң канаты бар, денеси жердеги адамдардын санына барабар көз ж‑а тилден жаралган, жарыкчылыктын тактысында отур­ган жан катары сүрөттөлөт. Алгач жөн гана негизги периштелердин бири катары саналган. Кудай Адамды жаратууда периштелерди жерден топурак алып келүүгө жиберет. Жер каршылык көрсөтүп, Жебиреил, Микаил ж‑а Исрафил пе­риштелер алып келе албай коюшат. Муну А. ишке ашырып, ал каардуулугу үчүн башкы жан алгыч катары дайындалат. Адамдын бул «жал­ган дүйнөдөн» кете турган мөөнөтү келгенде, Жараткандын жанында өскөн дарактан анын аты жазылган жалбырак түшөт имиш. Андан соң кырк күндүн ичинде адамдын жаны дене­синен ажырап чыгыш керек. Адамдар алгач буга каршылык көрсөтүүсү мүмкүн, ошондук­тан А. көп учурда Кудайга кайрылат деп айты­лат. Миф б‑ча Муса көпкө чейин А. м‑н карма­шып, каршылык көрсөткөн делет. А. ж‑дө алгачкы маалыматтар библиялык мифология­ларда, иудей булактарында, кийин Куранда ай­тылат.