Difference between revisions of "АФГАНИСТАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
1 -сап: 1 -сап:
   , А ф г а н и с т а н И с л а м м а м л е к е т и ‒ Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан ж-а Тажикстан, батышынан Иран, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Пакистан м-н Индия, түн.-чыгышынан Кытай м-н чектешет. Аянты 645,7 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 33,4 млн (2012). Борбору ‒ Кабул ш. Адм.-аймактык жактан 32 вилаятка (адм.-айм. бирдик) бөлүнөт. А. БУУнун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.<br>
   , А ф г а н и с т а н И с л а м м а м л е к е т и ‒ Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан ж-а Тажикстан, батышынан Иран, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Пакистан м-н Индия, түн.-чыгышынан Кытай м-н чектешет. Аянты 645,7 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 33,4 млн (2012). Борбору ‒ Кабул ш. Адм.-аймактык жактан 32 вилаятка (адм.-айм. бирдик) бөлүнөт. А. БУУнун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.<br>
==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
==Мамлекеттик түзүлүшү. ==
А. ‒ унитардык мамлекет. Конституциясы 16. 1. 2004-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ‒ президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы ‒ президент. Президенттин алдында эки вице-пре
А. ‒ унитардык мамлекет. Конституциясы 16. 1. 2004-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ‒ президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы ‒ президент. Президенттин алдында эки вице-пре
7 -сап: 7 -сап:
Саясий партиялары: А-дын Ислам коому, А-дын Ислам биримдиги партиясы, А-дын улуттук биримдик кыймылы партиясы.<br>
Саясий партиялары: А-дын Ислам коому, А-дын Ислам биримдиги партиясы, А-дын улуттук биримдик кыймылы партиясы.<br>
==Табияты.==
==Табияты.==
  А. негизинен ''Иран тайпак тоосунун'' түн.-чыгышында жайгашкан; аймагынын <sup>3</sup>/<sub>4</sub>үн тоолор ээлейт. Чыгыштан батышты карай ''Гиндикуш тоолору'' (бийикт. 6843 ''м''ге чейин, Тиргаран чокусу), андан ары ''Паропамиз тоолору'' , түндүгүндө Бактрия түздүгү, түштүгүндө, түш.-батыш бөлүгүндө бийикт. 1200 ''м''ге жеткен чөлдүү плато Регстан, Гармсер кумдуу чөлдөрү, Дашти-Марго таш-шагылдуу чөлү созулуп жатса, А-дын түш. бөлүгүндө Газни-Кан дагар бөксө тоосу (бийикт. 3265 ''м''ге чейин) жазы дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленип жатат. Иран ж-а Пакистан м-н болгон чек арасында чуӊкурдуктар кездешет. А-дын аймагы тектон. жактан негизинен ''Альп бүктөлүүсүнө'' кирет. Түн. бөлүгү Туран жаш платформасынын (плитасы нын) чегинде. Нефть, табигый газ, көмүр, темир, жез, сейрек металлдар, о. эле чачынды алтын, зергерлик ж-а асыл таштар (дүйнөдөгү эӊ сапаттуу кен ‒ лазурит, мрамор оникси, зергерлик турмалин, рубин, зымырыт) ж. б. кендери бар. Климаты субтропиктик континенттик, кургакчыл. Январдын орт. темп-расы түздүктөрдө 0°Сден 8°Сге чейин, бийик тоолордун айрым жеринде ‒20°Сден төмөн, июлдуку түздүктөрдө 24°Сден 32°Сге, бийик тоолордо 0°Сден 10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 200''мм'', чөлдөрдө 40‒50 ''мм'', бөксө тоолордо 200‒250 ''мм'', Гиндикуштун айдарым капталдарында 400‒600 ''мм'', Инди океанынын муссону жеткен түш.-чыгышында 800 ''мм''ге чейин. 3000‒5000''м'' бийиктикте кар катмары 6‒8 ай жатат, андан жогору мөӊгү кездешет. Ири дарыялары: Амударыя (жогорку агымында Пянж), Герируд, Гильменд, Кабул, Мургаб сугатка кеӊири пайдаланылат. Көлдөрү аз, а. и. ирилери ‒ Амир, Аби-Истадайн-Газни. Тоо этектери ж-а өрөөндөр боз, чөлдүү талаалары күрөӊ топурактуу. Шортоӊ жерлери да бар. Негизинен чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү (шыбак, астрагал, сөксөөл, төө тикен ж. б.) өсөт. Чыгышындагы тоолордо токой кездешет. Дарыя өрөөндөрүндө оазистер бар, аларда жемиш багы өстүрүлүп, жүзүмчүлүк өнүккөн. Аймагында 6 корголуучу аймагы (аянты 218 миӊ ''га''дан ашык) бар. Банди-Амир улуттук паркы уюштурулган.<br>
  А. негизинен ''Иран тайпак тоосунун'' түн.-чыгышында жайгашкан; аймагынын <sup>3</sup>/<sub>4</sub>үн тоолор ээлейт. Чыгыштан батышты карай ''Гиндикуш тоолору'' (бийикт. 6843 ''м''ге чейин, Тиргаран чокусу), андан ары ''Паропамиз тоолору'' , түндүгүндө Бактрия түздүгү, түштүгүндө, түш.-батыш бөлүгүндө бийикт. 1200 ''м''ге жеткен чөлдүү плато Регстан, Гармсер кумдуу чөлдөрү, Дашти-Марго таш-шагылдуу чөлү созулуп жатса, А-дын түш. бөлүгүндө Газни-Кандагар бөксө тоосу (бийикт. 3265 ''м''ге чейин) жазы дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленип жатат. Иран ж-а Пакистан м-н болгон чек арасында чуӊкурдуктар кездешет. А-дын аймагы тектон. жактан негизинен ''Альп бүктөлүүсүнө'' кирет. Түн. бөлүгү Туран жаш платформасынын (плитасынын) чегинде. Нефть, табигый газ, көмүр, темир, жез, сейрек металлдар, о. эле чачынды алтын, зергерлик ж-а асыл таштар (дүйнөдөгү эӊ сапаттуу кен ‒ лазурит, мрамор оникси, зергерлик турмалин, рубин, зымырыт) ж. б. кендери бар. Климаты субтропиктик континенттик, кургакчыл. Январдын орт. темп-расы түздүктөрдө 0°Сден 8°Сге чейин, бийик тоолордун айрым жеринде ‒20°Сден төмөн, июлдуку түздүктөрдө 24°Сден 32°Сге, бийик тоолордо 0°Сден 10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 200 ''мм'', чөлдөрдө 40‒50 ''мм'', бөксө тоолордо 200‒250 ''мм'', Гиндикуштун айдарым капталдарында 400‒600 ''мм'', Инди океанынын муссону жеткен түш.-чыгышында 800 ''мм''ге чейин. 3000‒5000 ''м'' бийиктикте кар катмары 6‒8 ай жатат, андан жогору мөӊгү кездешет. Ири дарыялары: Аму-Дарыя (жогорку агымында Пянж), Герируд, Гильменд, Кабул, Мургаб сугатка кеӊири пайдаланылат. Көлдөрү аз, а. и. ирилери ‒ Амир, Аби-Истадайн-Газни. Тоо этектери ж-а өрөөндөр боз, чөлдүү талаалары күрөӊ топурактуу. Шортоӊ жерлери да бар. Негизинен чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү (шыбак, астрагал, сөксөөл, төө тикен ж. б.) өсөт. Чыгышындагы тоолордо токой кездешет. Дарыя өрөөндөрүндө оазистер бар, аларда жемиш багы өстүрүлүп, жүзүмчүлүк өнүккөн. Аймагында 6 корголуучу аймагы (аянты 218 миӊ ''га''дан ашык) бар. Банди-Амир улуттук паркы уюштурулган.<br>
== Калкы==
== Калкы==
  Өлкөдө түрдүү тилдердин тобуна кирген 20дан ашык улут өкүлдөрү жашайт; анын жарымынан көбү ‒ афгандар (пуштулар; 38%тен 49%ке чейин); о. эле тажик (өлкөнүн батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндө; 18‒25%), өзбек (6‒8%) ж-а түркмөндөр (түндүгүндө), хазарлыктар (борб. бөлүгүндө), кара калпак, кыргыз, белуж ж. б. улуттар арбын. Расмий тили ‒ пушту ж-а дари (перс тилинин афган диалектиси) тилдери. Басымдуу дини ‒ ислам. Фертилдүүлүк жо
  Өлкөдө түрдүү тилдердин тобуна кирген 20дан ашык улут өкүлдөрү жашайт; анын жарымынан көбү ‒ афгандар (пуштулар; 38%тен 49%ке чейин); о. эле тажик (өлкөнүн батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндө; 18‒25%), өзбек (6‒8%) ж-а түркмөндөр (түндүгүндө), хазарлыктар (борб. бөлүгүндө), кара калпак, кыргыз, белуж ж. б. улуттар арбын. Расмий тили ‒ пушту ж-а дари (перс тилинин афган диалектиси) тилдери. Басымдуу дини ‒ ислам. Фертилдүүлүк жо

17:25, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 , А ф г а н и с т а н  И с л а м  м а м л е к е т и ‒ Түш.-Батыш Азиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан ж-а Тажикстан, батышынан Иран, түштүгүнөн ж-а чыгышынан Пакистан м-н Индия, түн.-чыгышынан Кытай м-н чектешет. Аянты 645,7 миӊ км2. Калкы 33,4 млн (2012). Борбору ‒ Кабул ш. Адм.-аймактык жактан 32 вилаятка (адм.-айм. бирдик) бөлүнөт. А. БУУнун (1946), Эл аралык валюта фондунун (1955) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

А. ‒ унитардык мамлекет. Конституциясы 16. 1. 2004-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы ‒ президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы ‒ президент. Президенттин алдында эки вице-пре

АФГАНИСТАН50.png

зидент бар. Президент болуп ата-энеси афгандык ж-а мусулман дининдеги жаран гана шайлана алат (5 жылдык мөөнөткө). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы ‒ эки палаталуу Улуттук чогулуш (Элдер палатасы (Валези Жюрга, 250 депутат) ж-а Аксакалдар палатасы (Мешрано Жюрга). Аткаруу бийлигин өкмөт ‒ Улуттук чогулуштун макулдугу м-н президент тарабынан дайындалуучу 27 кишиден турган министрлер кабинети ишке ашырат.

АФГАНИСТАН51.png

Саясий партиялары: А-дын Ислам коому, А-дын Ислам биримдиги партиясы, А-дын улуттук биримдик кыймылы партиясы.

Табияты.

А. негизинен Иран тайпак тоосунун түн.-чыгышында жайгашкан; аймагынын 3/4үн тоолор ээлейт. Чыгыштан батышты карай Гиндикуш тоолору (бийикт. 6843 мге чейин, Тиргаран чокусу), андан ары Паропамиз тоолору , түндүгүндө Бактрия түздүгү, түштүгүндө, түш.-батыш бөлүгүндө бийикт. 1200 мге жеткен чөлдүү плато Регстан, Гармсер кумдуу чөлдөрү, Дашти-Марго таш-шагылдуу чөлү созулуп жатса, А-дын түш. бөлүгүндө Газни-Кандагар бөксө тоосу (бийикт. 3265 мге чейин) жазы дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленип жатат. Иран ж-а Пакистан м-н болгон чек арасында чуӊкурдуктар кездешет. А-дын аймагы тектон. жактан негизинен Альп бүктөлүүсүнө кирет. Түн. бөлүгү Туран жаш платформасынын (плитасынын) чегинде. Нефть, табигый газ, көмүр, темир, жез, сейрек металлдар, о. эле чачынды алтын, зергерлик ж-а асыл таштар (дүйнөдөгү эӊ сапаттуу кен ‒ лазурит, мрамор оникси, зергерлик турмалин, рубин, зымырыт) ж. б. кендери бар. Климаты субтропиктик континенттик, кургакчыл. Январдын орт. темп-расы түздүктөрдө 0°Сден 8°Сге чейин, бийик тоолордун айрым жеринде ‒20°Сден төмөн, июлдуку түздүктөрдө 24°Сден 32°Сге, бийик тоолордо 0°Сден 10°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 200 мм, чөлдөрдө 40‒50 мм, бөксө тоолордо 200‒250 мм, Гиндикуштун айдарым капталдарында 400‒600 мм, Инди океанынын муссону жеткен түш.-чыгышында 800 ммге чейин. 3000‒5000 м бийиктикте кар катмары 6‒8 ай жатат, андан жогору мөӊгү кездешет. Ири дарыялары: Аму-Дарыя (жогорку агымында Пянж), Герируд, Гильменд, Кабул, Мургаб сугатка кеӊири пайдаланылат. Көлдөрү аз, а. и. ирилери ‒ Амир, Аби-Истадайн-Газни. Тоо этектери ж-а өрөөндөр боз, чөлдүү талаалары күрөӊ топурактуу. Шортоӊ жерлери да бар. Негизинен чөл ж-а талаа өсүмдүктөрү (шыбак, астрагал, сөксөөл, төө тикен ж. б.) өсөт. Чыгышындагы тоолордо токой кездешет. Дарыя өрөөндөрүндө оазистер бар, аларда жемиш багы өстүрүлүп, жүзүмчүлүк өнүккөн. Аймагында 6 корголуучу аймагы (аянты 218 миӊ гадан ашык) бар. Банди-Амир улуттук паркы уюштурулган.

Калкы

Өлкөдө түрдүү тилдердин тобуна кирген 20дан ашык улут өкүлдөрү жашайт; анын жарымынан көбү ‒ афгандар (пуштулар; 38%тен 49%ке чейин); о. эле тажик (өлкөнүн батыш ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндө; 18‒25%), өзбек (6‒8%) ж-а түркмөндөр (түндүгүндө), хазарлыктар (борб. бөлүгүндө), кара калпак, кыргыз, белуж ж. б. улуттар арбын. Расмий тили ‒ пушту ж-а дари (перс тилинин афган диалектиси) тилдери. Басымдуу дини ‒ ислам. Фертилдүүлүк жо

гору болгонуна байланыштуу (1 аялга 6,78 бала) балдардын өлүмү көп (1000ге 166). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники ‒ 61, аялдарыныкы ‒ 59 жаш. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 45 киши (өлкөнүн чыгышында 687). Көбү өрөөн ж-а оазистерде отурукташкан, аларда 1 км2 жерге 100дөн ашуун киши туура келет; түштүгүндөгү чөлдөрдө, борб. ж-а түн.-чыгыш бөлүктөрүндөгү бийик тоолуу аймактарда отурукташкан эл жокко эсе. Калкынын 1/6ге жакыны көчмөн ж-а жарым көчмөн эл. Шаар калкы 24%. Ири шаарлары: Кабул, Кандагар, Герат, Кундуз, Мазари-Шариф, Герат, Желалабад.

Кабул шаарынын жалпы көрүнүшү.

Акча бирдиги ‒ афгани. 1979‒89-жылдардагы Афган согушу м-н граждандык согуштун таасиринен А-дын калкынын 1/3ине жакыны өлкөнү таштап четке кетүүгө аргасыз болушкан. О. эле Кабул ш-нын калкы эки эсе өскөн. Качкындар дын көпчүлүгү Иран м-н Пакистанда отурукташ кан. Эмгекке жарамдуу калкы 11,1 млн (2001).

Тарыхы

Азыркы А-дын аймагында байыркы таш доорунан эле адамдар мекендегендигин көптөгөн археол. казуулар ырастайт. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын 1-жарымында чөлкөмдө ирригациялык курулмалардын курулушу м-н ири оазистер пайда болот. Ошол мезгилде А-дын аймагында Бактрия сыяктуу алгачкы мамлекеттер түзүлгөн. Б. з. ч. 6-к-дын 30-жылдарында А-дын аймагы Ахемениддер мамлекетинин (Персия) курамына, б. з. ч. 330‒329-ж. А-ды Александр Македонский басып алган, кийин Селевкиддердин ээликтеринин курамына кирген. Грек‒Бактрия (б. з. ч. 250‒130-ж.), Кушан (б.з. 1‒4-к.) падышачылыктарынын доорунда аймакта шаарлар, кол өнөрчүлүк, мад-т, иск-во гүлдөп өскөн. 4-к-да А-дын аймагын Сасаниддер, 5‒6-к-да эфталиттер басып алган. 6-к-дын 60-жылдары эфталиттердин уруулук бирикмелери түрктөр ж-а сасанилер тарабынан сокку алган соӊ, А-дын аймагы майда ээликтерге бөлүнүп, Түрк кагандыгына ж-а Сасанилерге көз каранды болуп калган. 7‒8-к-да чөлкөмдү арабдар басып алып, ислам дини тарай баштаган. 9‒10-к-да аймакта чарбанын, мад-ттын, иск-вонун өсүшү байкалат. А. аймагын 13-к-да монголдор, 16‒ 17-к-да Улуу Моголдор, 18-к-да Надир-шах каратып алган. Надир-шах өлгөндөн кийин, 1747‒1818-ж. эмир Ахмад шах башында турган алгачкы көз каранды эмес Афган мамлекети ‒ Дуррани державасы түзүлгөн. 19-к-дын орто ченинен Россия ж-а Улуу Британия А. үчүн өз ара каршылашып турушкан. 1907-ж. бул эки мамлекеттин ортосунда А. аймагынын бүтүндүгүн таануу ж-дөгү келишимге кол коюлган. 1919‒29-ж. Аманулла хандын өкмөтү өлкөдө социалдык-экон. реформаларды жүргүзгөн. 1923-ж. конституциялык монархия орнотулган. 1929-ж. бийликке Мухаммад Надир келип, ал Надир-шах атын алып, өзүн король деп жарыялаган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда А. бейтарап тык позициясында турган. 1973-ж. мамл. төӊкөрүштүн натыйжасында монархия кулатылып, А. республика деп жарыяланган. Мамлекеттин ж-а өкмөт башчылыгына Мухаммед Дауд шайланат. 1978-ж. апрелде кайрадан мамл. төӊкөрүш болуп, бийликке Революциялык совет келген ж-а А. Демократиялык Республикасы деп жарыяланган. Өлкөдө граждандык согуш башталган. А. өкмөтүнүн өтүнүчү б-ча колдоо көрсөтүп, 1979-ж. А-га сов. аскерлер киргизилген. Х. Аминдин режими кулатылып, анын ордуна Бабрак Кармаль дайындалган. Кармалдын 80-жылдардын 1-жарымында А-да «советтик үлгүдөгү социализмди» куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. Өлкөнүн ичиндеги өз ара чыр-чатак тар токтогон эмес. 1987-ж. А-дын жаӊы Конституциясы кабыл алынып, А. Наджибулла президент болуп шайланган. 1989-ж. сов. аскерлер А-дан чыгарылды, бирок ар кандай уруулук топтордун ортосундагы күрөш улантыла берген. Миллиондогон афгандыктар Пакистан, Иран ж. б. мамлекеттерге качышкан. 1992-ж. апрелде козголоӊчулар Кабулду басып алышты. 1992-ж. апрелде өлкө Афганстан Ислам Мамлекети деп аталып, бийлик моджахеддердин жетекчилеринин колуна өткөн. Ошол эле жылдын декабрында өлкөнүн президенттигине Б. Раббани шайланган. 1990-ж. ортосунда А-дын саясий аренасында «Талибан » кыймылы (пакистандык медреселерде даярдыктан өтүшкөн жаш афган исламчыл-радикалисттердин тобу) активдеше баштайт. 1994-ж. «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-ж. Кабулду ээлешкен. Молдо Омор башында турган ээлеген аймактарын Афган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Талибдер өлкөдө катуу теократтык режимди орнотушкан. Талибан кыймылына каршы Ахмад шах Масуд жетектеген Түн. альянстын күчтөрү турган. Ахмад шах Масуддун өлтүрүлүшү (9. 9. 2001) ж-а АКШдагы массалык террордук актылардын (11. 9. 2001) уюштурулушуна У. бен Ладен күнөөлөнүп, 2001-ж. АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөр А-дагы талибдердин режимин кыйраткан. 2001-жылдын аягында Бонн ш-нда А-дын саясий күчтөрүнүн конференциясы өтүп, Хамид Карзай жетектеген Убактылуу адм. түзүлөт. 2002-ж. Лоя Жирганын отурумунда Х. Карзай мамлекет ж-а өкмөт башчысы болуп шайланат. 2004-ж. январда жаӊы Конституция кабыл алынып, мамлекеттин президенти Х. Карзай болгон. «Талибан» кыймылынын айрым бөлүктөрү Х. Карзайга ж-а эл аралык антитеррордук күчтөргө каршы күрөшүн улантышкан. А-дын айрым провинцияларында бийлик номиналдуу түрдө гана өкмөткө баш ийишкен моджахеддердин талаа командирлерине таандык бойдон калган. 2009-ж. 20-августта өлкөдөгү президенттик шайлоодо Хамид Карзай жеңишке ээ болуп, экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. Карзайдын өкмөтү аймактык согушчандардын ээнбаштыгын чектөө, улуттук коопсуздуктун эффективдүү системасын куруу милдетин алдыга койгон. Борбордук бийликти жер-жерлерде чыңдоо үчүн моджахеддерди куралсыздандыруу, демобилизациялоо ж-а реинтеграциялоо программасын ишке ашырган. Кампаларга 63 миң согуштук учак, 30 миңден ашык оор ж-а жеңил куралдар жеткирилген. Бирок өлкөдө 1000ден ашык куралдуу бандалар (ар кандай маалыматтар б-ча 60 миңден 100 миңге чейин) ишин уланткан. Афган улуттук армиясы күчтөндүрүлүп, саны 30 миңге жеткен. Талибан м-н “Ал-Каиданын” айрым бөлүктөрү колдоруна курал алып, Пакистандын аймагынан өкмөткө каршы чабуулдарын уланткан. Провинцияларда талаа командирлери көбүнчө Кабулга баш ийбеген кызматтарды ээлешкен. Экон. туруксуздуктун айынан баңгизаттарды өндүрүү ж-а сатуу көбөйүп, саясий зордук-зомбулук, улуттар аралык чыр-чатактар ​​уланган. Баңгизат бизнеси жерг. бийликтин айрым өкүлдөрү м-н согушкерлерди бириктирген. Карзайдын өкмөтүнүн бул көйгөйлөрдү көтөрө албаганы дүйнөлүк коомчулукту тынчсыздандырган. Лондондо өткөн конференцияда (2006-ж. январь – февраль) 70 өлкө “Афган пакети” – 5 жылдык өнүгүү планына (бардык мыйзамсыз топторду куралсыздандыруу ж-а улуттук армияны түзүүнү аяктоо; миналанган аймактардын аянтын 70%ке кыскартуу; эффективдүү сот системасын түзүү; баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө ж-а коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү; билим берүүнүн структурасын кеңейтүү; социалдык маселелерди чечүү ж-а жакырчылык м-н күрөшүү; транспорттук ж-а энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо ж. б.) 10,5 млрд АКШ долларын бөлүүнү жактырган. 2014-ж. Ашраф Гани президент болгон. 2015-жылдын январь айынан эл аралык коалициялык күчтөрдүн басымдуу бөлүгү А-дан чыгарылгандан кийин өлкөдө талиптердин террордук аракеттери ж-а анын тарапкерлери м-н өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы аскердик тирешүүлөр күчөгөн. 2021-ж. 1-майда амер. аскерлер өлкөдөн биротоло чыгарылып кеткендигине байланыштуу Талибан террордук уюмунун согушчандары А-дын өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуул баштаган. 14-августка карата талиптер өлкөнүн бүткүл аймагынын 90% ээлеп, 2021-ж. 15-августта борбор шаары – Кабулду алып, өлкөдөгү бийликти басып алышкан. Афган президенти Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен. Талибдер А. Ислам Эмирлигинин түзүлгөнүн (20 жылдан кийин) жарыялаган. Талибан басып алуу маалында А. президентинин кеңешчиси баш болгон өкмөт мүчөлөрү, о. эле өлкөнүн борборундагы чет элдиктер өлкөдөн чыгып кетишкен. 2021-ж. 17-августта өлкөдө калган А-дын вице-президенти Амрулла Салех өзүн учурдагы мамлекет башчысы деп жарыялап, өлкөнүн калкын талиптерге каршылык көрсөтүүгө чакырган. Түндүк альянстын мурдагы лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд Талибанга каршылык көрсөтүүнү уюштуруу үчүн түндүктөгү Панджшер провинциясына өкмөттүк күчтөрдү топтогон. Каршылык көрсөткөндөр Парван провинциясынын Чарикар р-нун басып алып, Кабул-Мазари-Шариф жолун кесип салышкан. 18-августта Желал-Абадда (Нангархар провинциясы) демонстрация болуп, талиптер тарабынан ок атылып, 2 адам окко учуп, 8 киши жарадар болгон. 2021-ж. 22-августта талиптер Ахмад Масуддан багынып берүүсүн талап кылып, 4 саат убакыт берген. Кабул аэропорту А-дын баш калаасында АКШ армиясы ж-а анын өнөктөштөрү көзөмөлдөгөн жалгыз объект болгон. 2021-ж. 26-августта Кабул аэропортунун жанында бир убакта эки жерде жардыруулар болуп, андан кийин атышуулар башталган. Кол салуудан 200 киши (а. и. 13 амер. аскер) курман болгон. Аэропорттогу жардыруу А-да талиптер бийликти басып алгандан берки биринчи теракт болгон. 2019-ж. январдагы Томсон Рейтер фондунун маалыматы б-ча А. саламаттыкты сактоо, экон. ресурстарга жетүү, социалдык жашоо, сексуалдык зомбулук, адам сатуу жагынан дүйнөдөгү аялдар үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн катарында калган. Талибдердин тушундагы жашоо аялдардын катуу кысымга алынышына алып келди: алар бардык жерде паранжа кийүүгө талап кылынган, 10 жаштан ашкан кыздарга окууга тыюу салынган, эреже бузган аялдар эл алдында жазаланып, кээде өлүм жазасына тартылган.

Экономикасы

А. ‒ дүйнөдөгү жакыр агр. өлкөлөрдүн бири. 1979-жылдан бери токтобо гон согуш, о. эле 1998‒2002-жылдардагы кургакчылык өлкөнүн экономикасын дээрлик кыйраткан. Согуш жылдарындагы жалгыз өнүккөн тармагы ‒ апийим өндүрүшү болгон. 2002-жылдын январында Токиодо өткөрүлгөн конферен цияда (61 өлкө катышкан; а. и. Россия, АКШ, Европа кеӊеши, БУУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду, Ислам конференциясы уюмдары ж. б. уюмдар) А-га жардам көрсөтүүнүн программасы иштелип чыккан (2006-ж. чейин 4,5 млрд доллар бөлүнөт). Натыйжада экономикасында, айрыкча агрардык секторунда өнүгүү тенденциясы байкалган. Ички дүӊ продукция сынын көлөмү 23,35 млрд долларды (АКШ) түзөт

Акча бирдиги ‒ афгани.

(киши башына бөлүштүргөндө 800 доллардан туура келет, 2009). Ички дүӊ продукциясында гы а. ч-нын көлөмү 60%, өнөр жайыныкы 20%, тейлөө чөйрөсүнүкү 20%.
Өлкөнүн түндүгүндө Жаркудук ири газ кени 1967-жылдан иштетилүүдө. Газ 1980-жылдарда негизинен СССРге экспорттолгон; 21-к-дан баш тап өлкөнүн ички керектөөсүн канааттандырат. Таш көмүр, нефть, таш туз, лазурит, курулуш материалдары казылып алынат. Энергетиканын негизин гидроэнергетика (84%, ГЭС) түзөт. 2009-ж. 285,5 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кебез-кездеме (Пули-Хумри), кант (Баглан) з-ддору, жүн-кездеме токуу ф-касы (Кандагар), нан, үй куруу комбинаттары, асфальт -бетон, автомобиль ремонттоочу (Кабул), цемент (Жабаль-ус-Сираж, Пули-Хумри), азот жер семирткичи з-ддору бар. 1960-жылдары тамак-аш, текстиль, мед. өнөр жайлары ишке кирген, бирок согуш жылдары алар кыйрап же иштебей калган. 21-к-дын башынан кездеме (Кабул, Кандагар, Мазари-Шариф), самын кайнатуу (Кабул), эмерек, бут кийим, жер семирткич (Мазари-Ша риф) ж-а цемент (Гори, Жабусарг) өндүрүштөрү ишке кирди. Килем токуу (кол м-н) өнүккөн.
Өлкөнүн аймагынын 62% а. ч-га жарактуу (жайыты кошо) жер, 17% айдоо аянты. Негизинен дан эгиндери ‒ буудай, арпа, жүгөрү (2700 м бийиктикте) эгилет. Тоо этектеринде ж-а түздүктөрдө шалы, кант кызылча, пахта, май берүүчү өсүмдүктөр, балкамыш айдалат. Бакчылык (сары өрүк, шабдаалы, алмурут, кайнаалы, алча, анар, цитрус өсүмдүктөрү), жүзүмчүлүк, бакчачылык өнүккөн. О. эле бадам, жаӊгак өстүрүлөт. 1980‒90-ж. башкы товардык өсүмдүгү апийим эсептелип, дүйнөгө апийим таратуу чу өлкөгө айланган (1999-ж. 1670 т). Мал чарбасында кой өстүрүү басымдуу (2003-ж., 8,8 млн, негизинен каракөл кою, анын көрпөсүн алуу б-ча дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт). О. эле эчки (6 млн), бодо мал (2600 миӊ; буйвол ж-а зебу), эшек (920 миӊ), төө (290 миӊ), жылкы (104 миӊ) асыралат.
Темир жолу дээрлик жокко эсе; Кушкадан (Түркмөнстан) ‒ Торгундеге 9,6 км, Термезден (Өзбекстан) Хайратанга 15 км темир жол тармагы жеткирилген. Автомобиль жолунун уз. 42,2 миӊ км. Унаа транспорту (ат, төө, эшек) кеӊири колдонулат. Өлкөнүн маанилүү шаарларын байланыштырган Кабул ‒ Кандагар ‒ Герат ‒ Меймене ‒ Мазари-Шариф ‒ Хульм ‒ Кабул айланма трассасынын мааниси зор. Аму дарыяда кеме жүрөт. Башкы дарыя порттору: Хайратан, Шерхан. Түркмөнстандан Шинданд га, Өзбекстандан Баграмга нефть куурлары жеткирилген. Газ куурунун уз. 387 км. Кабулда эл аралык аэропорт бар. Сыртка кургатылган жемиш, жаӊгак, килем, кылторко, пахта, ийленген ж-а ийленбеген каракөл көрпөсү, баалуу асыл таштарды (негизинен Индия, Финляндия, Бельгия, Германия, Россия, АКШга) чыгарат. Сырттан өндүрүш каражаттарын, азык-түлүк, текстиль, нефть продукцияларын ж. б. (негизинен Пакистан, Түш. Корея, Япония, АКШ, Германия, Кениядан) алат.

Маданияты

А-да билим берүү системасы көпкө созулган граждандык согуштан ж-а «Та либ» башкаруусунан кыйраган. Диний мектептери (мусулман) басымдуулук кылат. 2002-ж. окуу жылында 39% эркек ж-а 3% аял окуган (башталгыч билим алуу үчүн). Мектеп жашындагы 1,5 млн бала окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Мектептердин 70% талкаланып, а. и. 5 миӊ мектептин 3,5 миӊи оӊдоого муктаж болгон. 2002-ж. билим берүү системасын көтөрүү б-ча «Кайрадан мектепке» планы даярдалган (2 жылга эсептелген). Ошол эле жылы Кабул ун-ти (1932-ж. негизделген) ишке кирген. 2003-ж. 7563 мектепте 5,5 млн окуучу окуп, анда 92 миӊ мугалим эмгектенген. Кабулда ири элдик китепкана ж-а этногр. музейлери бар.
Массалык маалымат каражаттары талибдер дин башкаруусунан улам бүлгүнгө учураган, 2001-жылдан кайрадан калыбына келтирилүүдө. Өлкөдө мамл. телекөрсөтүү, радиоуктуруу, маалымат агентчилиги, менчик телекөрсөтүү, 3 көз каранды эмес радиоуктуруу компаниясы («Кабул радиосу»), «Афган Исламик Пресс» маалымат агентчилиги иштеп, 260тан ашуун гезит-журналдар чыгат.
А. ад-ты пушту ж-а дари (фарси-кабули) тилдеринде өнүгүүдө. Пушту ад-ты Пакистандын аймагынын айрым бөлүктөрүндө да пайдаланы лат; дари ад-ты перс классикалык ад-тынын салтын жолдойт. Эл арасында жөө жомок, эпос, оозеки аӊгемелер (хикаяттар) кеӊири таралган. Пуштулардын б. з. ч. сакталган ад-ты ‒ Мали шейхтин «Кадастр китеби» (15-к.), 16-к-га рошаниттер сектасын түзгөн Баязид Ансаринин чыг-лыгы таандык. 17‒18-к-гы пушту классика лык ад-тынын гүлдөп өнүгүүсүнө Хушхаль-хан Хаттака, Абдуррахман Моманд ж-а Абдулха мид Моманддын эмгектери зор. 20-к-да А. ад-тында кайрадан жаӊылануу башталган. 1936-ж. пушту тили дари тили м-н катар мамл. 2-тил деп жарыяланган. 1937-ж. А. тили ж-а ад-ты академиясы негизделген. Повесть ж-а проза жанры (С. М. Аламшахи, Мираминуд-дина Ансари, Г. М. Жвандая ‒ дари тилинде; Б. Кушкаки, К. М. Рафика ‒ пушту) өздөштүрүлө баштаган. 20-к-дын 2-жарымында ад-тта социал. маселелер басымдуулук кылган, Абдулхак Бетаб, Х. Халили (дари тилинде), Ж. Г. Жейлани, Ш. Маджрух, М. С. Псарлай (пушту), С. Лаик (эки тилде), Ш. Барик (дари) элдик каада салттын негизинде жазган. Проза жанры жаӊы багытта (романтикалык ж-а реалисттик) өнүккөн. Бийликке Афганстан Элдик Демокр. партиясы келгенден кийин ЖС түзүлүп (1980), анын расмий органы «Жвандун» («Жашоо») журналы болгон. Ал мезгилге прозаиктер ‒ А. Усман (Кузагара), А. Р. Зярьяб, А. Амин, А. Каргар, З. Анзор, Б. Баджаурай, Хабиб Кадир, И. Атайи ж. б-дын чыгармалары таандык. Классикалык поэзиянын салтын улантуучулар ‒ Н. Хафиз, Н. Тахури, А. Такор, А. Хазан ж. б., жаӊы поэ зия жанрына В. Бахтари, Л. Назими, С. К. Туфани, А. Наиби, Ф. Фард ж. б. кайрылган. Социал. күрөш, рев-ялык пафос Д. Панжшеринин поэзиясына таандык. 20-к-дын акыркы жылдарындагы согуш А-дын белгилүү ад-тчыларын өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылган. Чет өлкөдөгү көрүнүктүү пушту ад-чыларына ‒ романчы С.Шпун, акындар А. Жахани, П. М. Караван, С. Сиддики, М. Парвин Файз-зада ж. б. кирет.
Байыркы ж-а о. кылымдагы афган элинин көркөм сүрөт мад-ты О. Азия, Индия, Иран элдеринин мад-ты м-н тыгыз байланышта өнүгүп келген. Батыш А-дын аймагы Бактрия ж-а Тохарстандын бир бөлүгү, О. Азиянын түш. аймактарынын тарыхый-маданий облусу м-н бирдей. Гиндикуштан түштүгүрөөк жагы Индстан м-н тыгыз байланышта. А-дын аймагындагы арх-ра, сүрөт иск-во эстеликтери б. з. ч. 4‒3-миӊинчи жылдарына таандык. Б. з. ч. 3‒2-к-да А-дын Бактра, Баграм, Ай-Ханум ш-нда эллиндик иск-во өнүккөн. Б. з. ч. 1-к-дагы ж-а б. з. ч. 8-к-дагы (Хадад, Бамиан ш.) Будда монастрларынын урандылары сакталган. О. кылымдагы көрүнүктүү эстеликтери: Лашкаргах ак сарайы (11-к, Бустани), мемориал мунаралары (12-к., Газна), Жам кыш-на жакын жердеги мунара (1153‒1202-ж. аралыгында), Гераттагы соборлуу мечит (13-к-дын башы ‒ 14-к.), Гератта гы Мусалла ансамблиндеги Гаухаршад күмбөзү ж-а мунарасы (1417‒38), Балхадагы Хожа Абу Наср Парсанын мечит күмбөзү м-н (15-к.) ж. б. О. кылымдардагы А-дын иск-восу О. Азия, Иран, Индия иск-восунун таасиринде өз алдынча кол өнөрчүлүк мектептери пайда болгон. Гератта декорациялык ж-а көркөм сүрөт иск-восу (металлды, жыгачты оймо-чиймелеп кооздоо, килем токуу ж. б.) өнүккөн. 15-к-дын башында хан сарайларда китепкана-өнөрканалар (китебхане) иштей баштаган. Алар Гераттын миниатюра мектеби, К. Бехзаддын, Касим Алинин ж. б. белгилүү миниатюрист, каллиграфисттер дин чыгармалары м-н байланышта болгон. 18-к-да Кандагарда 8 кырдуу Ахмад-шах Дуррандын чамгарактуу мавзолейи, 18‒20-к-да чамгарактуу үйлөр салынган. А-да арх-ра ж-а сүрөт өнөрү 1920-жылдардын аягында өнүгө баштаган. 1970-ж. коомдук ж-а турак жайлар, бала бакча, гидротех. курулуштар ж. б., 1978-ж. генералдык план б-ча Кабулда телеборбор, госпиталь, мед. ин-ттун имараттары курулган. 20-к-дын 1-жарымында А. арх-расында айнек, бетон, мрамор ж. б. жаӊы материалдар колдонулган.
1921-жылдан Кабулда көркөм сүрөт өнөрү мектеби иштейт. Сүрөт өнөрүн өнүктүрүүдө Абдулгафур Бренша, А. Тарзи, М. Хайдар ж. б. өз салымдарын кошкон. Талибдердин бийлиги мезгилинде А-дын аймагындагы бир топ баалуу эстеликтер талкаланган (Бамиан дубал сүрөттөрү ж. б.). Учурда да илгертен салт болуп калган кол өнөрчүлүк ‒ айнекти, металлды көркөмдөп кооздоо, зергерчилик, карапа ж. б. жасоо өнүккөн. Килем токуу афгандардын негизги экспорттоочу товары болуп келүүдө.
А. музыкасы көп кылымдардан бери Индия ж-а Иран элдеринин музыка мад-ты м-н өз ара карым-катнашта өнүккөн. Б. з. 1-кылымдарын да зороастриялык диний ырлар белгилүү болгон. Бамиан ж-а Хаддагы буддалардын диний борборунда музыканттардын сүрөттөрү сакталып келет. А-дын музыкасынын өнүгүүсүнө ислам дининин таасири бар. 15-к-да Самарканда гы Тимурлардын муз. маданий борбору Гераттаргылар м-н аралашуусунан классикалык музыка (Араб, Индия музыка салттарын кошуп) калыптанган. Анын таасиринен музыка теориясы таралган. 17‒19-к-да классикалык музыка өркүндөйт. А-дын музыкасынын калыптанышына этностук, тилдик, диний, социалдык мад-ты ж-а элинин курамынын ар түрдүүлүгү өз таасирин тийгизген. Диний музыкасы ислам ж-а суфийлердин салттары м-н байланыштуу. А-дын фольклору эмгек, диний үрп-адат, тамашалуу (лаба) ж. б. ырлардан туруп, муз. аспаптар м-н коштолот. А-да 2 саптан турган ырлар (ландый) өтө кеӊири таралган жанр болуп саналат. Муз. аспаптары: кылдуу-чертме (танбур, рубоб, ситар, дутар, дамбура ж. б.), кылдуу жаа м-н тартылуучу (гижак, саринда), кылдуу урма (сантур, чанг), үйлөмө (най, туйдук, сурнай, кошнай, карнай, бинбажа), клавишалуу (армуния), урма (мембраналуу дойра, даф, эки беттүү дхол ж. б.). 19‒20-к-да европалык муз. аспаптардын (мандолина, аккордеон, индия гармоникасы ж.б.) таасиринен А-дын музыкасында жаӊы агым пайда болгон. Музыкалаштырылган театр, шаардык стилдеги ырлар (белгилүү ырчылары Сараханг, Я. Косими, Нашенас, А. Зоир, Хафизул-ла Хьяль) өнүккөн ж-а ар түрдүү аткаруучу коллективдер ‒ улуттук аспаптар (1946, Кабул радиосу) ж-а эстрада оркестри (1961), «Наргис» ыр-бий ансамбли түзүлгөн. 1978-ж. А-да элдик иск-во фестивалы өтүп, иск-во ишмерлеринин уюму түзүлгөн. А-дын көптөгөн музыканттары КМШ өлкөлөрүндө билим алган. 1992-жылдан кийин оюн-зоок музыкасына тыюу салынып, музыканттардын бир тобу өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон (АКШга белгилүү классик ырчы Махваш кеткен). 2000-жылдан А-да диний ж-а фольклордук музыка өнүгүүдө.
А-да тунгуч афган фильми (1963, «Бүркүткө кебетелеш», Индия м-н бирге) Ф. Х. Хаерзаде тарабынан тартылган. Чет элдик фильмдер 1915-жылдан көрсөтүлгөн. 1968-ж. «Афганфильм» киностудиясы түзүлүп, даректүү («Афганистан өнүгүүнүн жолунда», 1969; «Бактылуу луктун сыры», 1970) ж-а көркөм фильмдер (реж. А. Х. Алилдин «Бийликчилдер», 1970; «Эненин жазасы», 1973; В. Латифинин «Кыйын күндөр», 1974, М. Надиринин «Рабиа-Балхи» 1974; реж. Шафик «Жылмайган статуялар», 1976) тартылган. А. кино өндүрүшүн талапка ылайык өнүктүрүү 1978-ж. Апрель рев-ясынан кийин (1983, өзбек реж. А. И. Хамраев, «Мосфильм» киностудиясы м-н бирдикте «Кабулдагы жайкы аптап») башталган. Талиб режими кулагандан кийин (2001) эл аралык чыгармачыл уюмдардын демилгеси м-н афган киноөндүрүшү колдоого алынган. С. Бармактын «Осама» кинофильми Канндагы эл аралык кинофестивалда (2002) сыйлыкка ээ болгон.
Ад.: Физическая география Афганистана. М., 1953; Афганистан сегодня. Справочник. Душ., 1988; Мусульманские страны у границ СНГ (Афганистан, Пакистан, Иран, Турция ‒ современное состояние и перспективы). М., 2002; Масон В. М., Ромодин В. А. История Афганистана. М., 1964‒1965. Т. 1‒2; Босин Ю. В. Афганистан: полиэтническое общество и государственная власть в историческом контексте. М., 2002; Герасимова А., Гирс Г. Литература Афганистана. М., 1962; Пугаченкова Г. А. Искусство Афганистана. М., 1963; Беляев В. Афганская народная музыка. М., 1960.
Ө. Бараталиев, А. Орозов, Ш. Керимова, Ж. Абдилова