Difference between revisions of "АЙНЕК БЛОКТОРУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– айнектен жасалган курулуш материалы. Ал бири бирине ширетүү м‑н эки жарым айнек блоктон пресстелип даярдалып, блок көңдөй болот. А. б. жарыкты жакшы өткөрүүчү, жылуулук ж‑а үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы б‑ча чарчы, тик бурчтуу; жарык тех. сапаттары б‑ча жарык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук ж‑а күн нурунан сактоочу; кооздугу б‑ча түстүү ж‑а түссүз; констр‑сы б‑ча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу м‑н даярдалат. А. б. турак үйлөрдө, коомдук ж‑а өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы ж‑а ички тосмо констр‑лар катарында колдо нулат. Блоктор бири‑бири м‑н цементтелип бириктирилет.