Difference between revisions of "АЙЛАНУУ БЕТИ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– тегиздиктеги ийри сызыктын ошол эле тегиздикте жаткан октун тегерегинде айлануусунан пайда болгон бет. А. б‑не мисал болуп сфера эсептелет, анткени аны те гиздикте жаткан жарым айлананын диаметринин айланасында айландыруудан пайда болгон бет катары кароого болот. А. б‑нин анын огу аркылуу өткөн тегиздиктер м‑н кесилишкен ийри сызыктар меридиандар деп аталат, ал эми А. б‑нин окко перпендикуляр тегиздик м‑н ке силишкен ийри сызыктар параллелдер деп ата лат. Эгер айлануу огу б‑ча Охуг тик бурчтуу координата системасынын Ог огу багытталса, анда А. б‑нин параметрдик тендемесин төмөнкүчө жазууга болот: х = f(и)cosv, у = f(и)sinv, г = и, мында f(u) – функция меридианды аныктайт, ал эми V – бурч. Б. Э. Канетов.