Difference between revisions of "АЗОТ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (Nitrogenium), N – элементтердин мез­гилдик системасынын V тобунан орун алган хим. элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз ж‑а даамсыз газ. Аба дан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Ре зерфорд ачкан. Жаратылышта эркин ж‑а ко­шулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04% ин түзөт. Эркин А. абанын 78,16% ку­рамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 16­17%ин түзөт. Таза A‑то жаныбарлар жашай ал байт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек эле мент. Кычкылтекке Караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек ж‑а кычкылтек м‑н кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) ж‑а 15N (0,365 %) бар. Анын моле­куласы бири‑бири м‑н коваленттик үч байла­ныш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошон­дуктан молекуласы хим. жактан туруктуу, жо горку темп‑рада гана металлдар м‑н нитриддер­ди, кычкылтек м‑н азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек м‑н катализатордун ка­тышуусунда NH3ty пайда кылат. Галогендер м‑н реакцияга түздөн‑түз кирбейт. А. лабор‑да аммоний нитритин жогорку темп‑рада ысытуу­дан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу м‑н алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот к‑тасын, жер се­мирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда кол­донулат. Эркин А. хим. ж‑а металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометр­лердин боштук аралыгын толтуруу ж‑а төмөн­кү темп‑pa алууда пайдаланылат.