Difference between revisions of "АЗ КАНДУУЛУК"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
анемия– кызыл кан денечелериндеги гемоглобиндин азайышы м‑н мүнөздөлгөн оору. Ага канды көп жоготуу (дароо же өнөкөт кан кетүүдөн), эритроциттердин, кан пайда болуунун бузулушу, денеде темирдин, кээ бир витаминдердин жетишсиздиги, сөөк чучугунун жабыркашы, о. эле айрым жугуштуу оорулар себеп болот. Денеде В12 витамини м‑н эритроциттеги гемоглобиндин, ферменттердин курамына кирүүчү темир аз болгондо А. көп кездешет. Көбүнчө кан көп кеткенден (этек кир, геморрой, карын жарасы ж. б.) болот. Көп төрөгөн, баланы көпкө эмизген аялдарда, о. эле бала эттүү тамакты аз жегенде көп байкалат. Эне нин денесинде темир аз болсо, эмчектеги балада да А. к. өнүгүшү ыктымал. Белгилери – энтигет, жүрөк катуу согуп, бат чарчайт, баш айланып ооруйт, көз чыбырчыктайт, чач түшөт, тырмак сынат, ич өтөт, өңү, көз чели кубарып, кер сары тартат. Изилдөөдө эритроциттердин са ны анча өзгөрбөй, гемоглобиндин саны азаят. Ооруну алдын алууда кан кеткен жерди өз убагында таап, токтотуу, туура ж‑а темирге бай азык м‑н тамактануунун мааниси чоң. Темирлүү дарылар м‑н узак, такай дарылануу керек.