Difference between revisions of "АЗИЯ"
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– Жер шарындагы аянты (44,6 млн км2дей) ж‑а калкынын саны (4,2 млрд чамасында, 2012) б‑ча эң чоң дүйнө бөлүгү. Негизинен Чыгыш жарым шарда, Түн. жарым шардын бардык геогр. алкактарында жайгашкан; Малайя архипелагынын бир аз бөлүгү Түш. жарым шарга кирип кетет. Европа м‑н биригип, Евразия материгин түзөт. А. м‑н Европанын чек арасы
шарттуу түрдө Уралдын чыгыш этеги (же кыры), Эмба (же Урал), Кума, Маныч д‑нын өрөөндөрү (айрым учурда Чоң Кавказдын кыры), Каспий, Азов, Кара ж‑а Мрамор деңиздери, Босфор ж‑а Дарданелл кысыктары аркылуу өтөт. Түн. чети – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы Баба, чыгышы Дежнев тумшуктары. Африка м‑н Суец мойногу аркылуу туташып, Түн. Америкадан Беринг кысыгы аркылуу бөлүнөт. Түндүгүнөн Түн. Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары ж‑а алардын четки деңиздери м‑н чулганат. Аралдарынын жалпы аянты 2 млн кж2ден ашык (а. и. Түн. Жер, Жаңы Сибирь, Курил, Сахалин, Япон, Тайвань, Фи липпин, Малайя арх., Шри‑Ланка, Кипр а.). А‑нын жээктеринде булуң‑буйтка салыштырмалуу аз; ири жарым аралдары: Ямал, Таймыр, Чукча, Камчатка, Корей, Индикытай, Индстан, Араб, Кичи Азия. А‑нын океандан эң алыс жери 2- 2,5 миң км.
А‑нын жеринин бетинин бийиктиги да өтө контрасттуу. Мында дүйнөнүн эң бийик жери Жомолунгма чокусу (бийикт. 8848 м, Гималайда), эң чуңкур жери – Жансыз деңиз (көлдүн бети деңиз деңг. -395 м төмөн), эң терең – Бай кал көлү (тереңд. 1620 м) жайгашкан. Суу каптаган ачык жердеги эң чуңкур жер да A‑да; ал Борб. А‑дагы – Турпан ойдуңу, деңиз деңг. 154 м төмөн жатат. Дүйнөдөгү эң жаанчыл жер -
Индиядагы Шиллонг тоосунда жайгашкан Черапунжи кыштагында; анда жылына орто эсеп м‑н 13 миң ммден ашык жаан‑чачын жаайт (1861‑ж. 22 900 мм жааган).
Аймагынын 75% ин кырка ж‑а бөксө тоолор ээлейт. Тоолор 2 чоң аймакты (тилкени) пайда кылат. Алардын бирөө Алдынкы Азия тайпактоолорунан Индикытайдын кырка тоолоруна ж‑а Малайя архипелагына чейин бүт А. аркы луу батыштан чыгышка, экинчиси Теңир‑Тоодон Түш. Сибирдин тоолоруна ж‑а андан ары Чукча ж. а‑на чейин түш.-батыштан түн.-чыгышка созулат. Эң бийик тоолор (бийикт. 4 миңден 7 миң мге чейин ж‑а андан жогору) Борб.
Азияда ж‑а анын чеги б‑ча жайгашкан. Негиз ги тоо системалары: Гималай (бийикт. 8848 мге чейин), Гиндукуш (7708 м, Тиричмир), Карако рум (8614 м, Чогори), Куньлунь (7723 м, Улугмузтат), Теңир‑Тоо (7439 м, Жеңиш чокусу), Ысар‑Алай (5621 м, Матча), Чоң Кавказ (5642 м,
Эльбурс), Алтай (4506 м, Белуха), Саян (3491 м,
Мунку‑Сардык). Ири тайпак тоолору: Памир
(7495 м, Коммунизм же Исмаил Самани), Ти бет (6000–7000 м), Алдынкы Азия тайпак тоо лору (5165 м, Арарат); бөксө тоолору: Орто Си бирь (1701 м, Путорана), Араб ж. а‑дагы бөксө тоолор (3600 м), Декан (2000 мге чейин). Эң ири ойдундуу түздүктөр: Батыш Сибирь, Туран, Улуу Кытай, Инд‑Ганг, Месопотамия; бийик жайгашкан түздүктөрү (Борб. Азияда) – Кашкар, Жунгар, Гоби. Камчаткада (4688 м, Ключи сопкасы), Чыгыш А‑нын аралдарында ж‑а Малайя архипелагында (Кракатау жанартоосу, бийикт. 813 м) өчө элек жанар тоолор көп.
Азиянын азыркы рельефи негизинен төмөнкү процесстердин натыйжасында – байыркы тайпаңдалуу процесстеринен (калдыктары, айрыкча тайпак тоолордун ички бөлүктөрүндө, о. эле Индистан, Араб, Сирия, Чыгыш Сибирдин жапыз платолорунда сакталган), жер кыртышынын неоген ж‑а антропоген мезгилдериндеги ири вертикалдык ж‑а горизонталдык кыймылдардан (Памир, Тибет, Гималай тоолору 4000 жден жогору көтөрүлүп, материктин чыгыш чет жакасы тескерисинче чөккөн), көтөрүлгөн тоолор дун четжакаларынын эрозиялык кескин тилмеленүүсүнөн (Памир, Тибет тоолорундагы, Ги малай, Куньлунь, Батыш Саян, Черский тоолорун, Становой, Алдынкы Азия тайпак тоолорун кесип өткөн терең капчыгайлар) ж. б‑дан калыптанган жеринин бетинин түзүлүшүнө, о. эле Орто ж‑а Борб. Азияда, айрыкча Хуан хэ д‑нын алабында кеңири аянтты лёсс тектери каптап жатышы, бедленддин (чап), чөлдөрдө эол (шамал) рельефинин, акиташ ж‑а гипстүү аймактарда карст процесстеринин, антропогендеги муз каптоо (Азиянын түн.-батышында 60° түн. кеңдиктерден түндүктү карай муздук тек ши каптаган), азыркы мөңгүлөр (Кара‑Корум, Памир, Теңир‑Тоо, Гиндикуш, Гималай ж. б. тоолордогу ири мөңгүлөр), башка материктерге Караганда көп жылдык тоңдун кеңири таралышы (47° түн. кендикке чейин), жанартоолор (жанартоо конустары, Индистан ж‑а Орто Сибирди каптаган траптар, Камчаткадагы, Филиппин, Чоң ж‑а Кичи Зонд а‑дагы аракеттеги жанар тоо лор, Алдынкы Азия тайпак тоолорундагы, Сирия‑Араб платосундагы, Кавказ, Монголия, Манжур‑Корей тоолорундагы мурдагы жанартоо лор) зор таасирин тийгизген.
Азиянын геоструктурасы өтө татаал. Анын аймагы аркылуу субкеңдик багытта Альп‑Ги-
малай бүктөлүү алкагынын чыгыш бөлүгү созулуп жатат. Ал чыгышта Монгол‑Охота ж‑а Тынч океан бүктөлүү алкактарына кошулат. Бүктөлүү түзүлүштөрүн түштүктөн Араб ж‑а Индистан ж.а‑нын платформалык аймактары чектеп турат. Азия кембрийге чейин пайда болгон бир нече ири платформалардан ж‑а алардын аралыктары б‑ча созулуп жаткан ири бүктөлүү облустарынан турат. Азияда Сибирь (чеги Орто Си бирь бөксөтоосуна туура келет), Кытай‑Корей (Улуу Кытай түздүгүн, Корей ж. а. камтыйт), Түштүк Кытай (Янцзы д‑нын төмөнкү агымынын алабы), Инди (Индистан ж.а‑нын баеымдуу бөлүгүн ж‑а Шри‑Ланканы камтыйт), Араб (Араб ж. а‑нын басымдуу бөлүгү) платформалары жайгашкан. Платформалар А‑нын аймагын тегерегине бириктирип турган байыркы ядро болуп саналат; алар протерозойдун аягынан бүктөлүүгө дуушарланбай, салыштырмалуу тынч абалда болот. Платформаларды жалпы бирик тирип турган геосинклиналдык облустарды байкал, каледон, герцин, мезозой, кайназой бүктөлүүлөрү түзөт. Байкал бүктөлүүсүнө (про терозойдун аягы‑кембрийдин башталышында болгон) Енисей токол тоосу, Чыгыш Саян, Бай кал бою, Забайкалье тоолору, Араб ж. а‑нын айрым жерлери, каледон буктөлуусунө (кембрий, ордовик, силур) – Борб. Казакстандын батыш бөлүгү, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Монгол Алтайы, Түш.-Чыгыш Кытай, Түн. Теңир‑Тоо, герцин буктөлуусунө (девон, карбон, пермь) Теңир‑Тоонун негизги бөлүгү, Куньлунь, Наньшань, Түш. Алтай, Борб. Казакстандын батыш бөлүгү ж. б., мезозой буктөлуусунө – Түн.-Чыгыш Сибирь, Сихотэ‑Алинь, Индикытайдын, Тибеттин айрым жерлери, альп буктөлуусунө
(кайназой) – Кавказ, Памир, Түркмөн‑Хоросан тоолору, Паропамиз, Гиндикуш, Алдынкы Азия тайпак тоолору, Загрос, Мекран, Сулейман, Гин дикуш, Гималай тоолору кирет. Азиянын чы гыш чет жакасын азыркы геосинклиналдык алкак ээлейт; ал материкти Тынч океандын таманынан бөлүп турат. Алкакты аралдар догосу, океандын терең кобулдары ж‑а четки деңиздердин геосинклиналдык чуңкурдуктары түзөт. Алкакка активдүү аракеттеги жанартоолор, катуу жер титирөөлөр, тектон. контрасттуу кыймылдар, жаш бүктөлүүлөр, гравитациялык тең салмактуулуктун бузулушу мүнөздүү.
Азия континентинин азыркы турпаты салыш тырмалуу жакынкы эле мезгилдерде пайда бол гон. Палеозойдун башталышында (кембрий, ордовик, о. эле силурда) Чыгыш Европа, Сибирь, Кытай‑Корей, Түш. Кытай платформалары кургактыктын бир бөлүктөрү же эпиконтиненттик тайыз деңиздер м‑н капталган жазы шельфти түзгөн. Инди ж‑а Араб платформала ры ошол кездеги зор түштүк материк – Гон-
двананын курамына кирген. Герцин бүктөлүүсүнөн кийин түндүктөгү платформалар кургак тыктын монолиттүү массиви – Ангаридага бириккен. Ал эми Гондвана тескерисинче, бөлүктөргө ажырап, алардын ичинен платформалуу Инди‑Араб массивдери кайназойдо Тетис
геосинклинали (байыркы деңиз бассейни) жок болгондон кийин Ангаридага биригип, А. пай да болгон.
А. кен байлыктарга бай. Таш‑Көмүрдүн ири кендери Казакстанда (Караганды бассейни), Сибирде (Кузнецк, Кан‑Ачы, Лена ж. б. бассейндер), о. эле Кытай, Индия, Кореяда топтолгон. Нефтинин дүйнөлүк запасынын теңинен көбү A‑да. Нефть‑газдуу ири аймактарга – Перс булуңу нефть‑газ бассейни, Батыш Сибирь, Кас пий бою ойдуңу, Закавказье, О. Азиянын түздүктөрү, Малайя архипелагынын аралдары (Су матра, Калимантан), Түн. ж‑а Батыш Кытайдын айрым жерлери кирет. Сибирь, Казакстан, О. Азияда, о. эле Түркияда, Иран, Пакистанда кайнатма туздун ири кендери бар. Темир рудасы Казакстандын бир катар жерлеринде (Костанай обл., Борб. Казакстан ж. б.), Ангара боюнда, Сибирдин түштүгүндө (Кузнецк Ала‑Тоосу, Тоолуу Шория ж‑а Хакасия), Кытай, Корея, Индиянын көп жерлеринде топтолгон. Индияда ж‑а Закавказьеде марганецтин ири кендери бар. Калайдын эң бай кендери – Түш.-Чыгыш Азияда (Бирма, Таиланд, Индонезия а.). Борб. Казакстанда жездин ири кени, Норильскиде никель, Якутияда алмаз кендери бар.
Азияга арктика климатынан (түндүгүндө) субэкватордук ж‑а экватордукка (түштүгүндө) чейинки ар түрдүү климат мүнөздүү. Батыштан соккон атлантикалык нымдуу аба А‑га жеткенде өзгөрүп, континенттик абага айланат. Ал эми Тынч океандык аба батыш аба массасынын үстөмдүк кылышына ж‑а ички аймактарын кырка тоолор тороп тургандыгына байланыш-
туу А‑нын чыгыш чет жакасындагы кууш тилкеге гана таасирин тийгизет. Түндүктөн арктикалык аба А‑га терең кирет; ал эми түштүктө үстөмдүк кылган тропиктик ж‑а субэкватордукмуссондук климаттын таасиринен Гималай тоолору тосуп турат. Кышында климатты батыштан соккон аба массасы аныктап, аитициклондук зор аймак, А‑нын түштүгүндө ж‑а түш.-чыгышында пассаттык циркуляция пайда болот. Сибирь тоолорунун ж‑а Монголиянын үстүндө (40°, 60° түн. кеңдиктердин аралыгында) Азия (Сибирь) антициклону түзүлөт. Радиациялык муздоонун, батыш аба массасынын муздап, төмөн чөгүүсү, арктика антициклонунун кириши октябрдан апрелге чейин антициклондун туруктуу болушуна шарт түзөт. Анда ачык ж‑а суук аба ырайы үстөмдүк кылат: абанын темпрасынын абс. минимуму Оймякондо -71°Сге (Түн. жарым шардын суук уюлу), Верхоянскиде -68°Сге, Якутияда -64°Сге жетет. Антицик лондун чет жакалары аркылуу соккон туруктуу шамал андан муздак ж‑а кургак абаны айдап чыгып, чыгышты, түш.-чыгышгы ж‑а түш. (кышкы континенттик муссон), о. эле батышты ка рай – Батыш Сибирге, Казакстанга, О. Азияга багыттайт (жогорку басымдуу аба Иранга че йин жетет). Уюлдук фронттун циклондору Жер Ортолук деңиздик климаттуу Алдынкы А‑га кышкы ж‑а жазгы, Түш. Сибирь тоолоруна жайкы жамгырды алып келет. Алдынкы, Ортонку ж‑а Борб. Азияда жайында аптап ысык ж‑а кургакчыл континенттик тропиктик аба массасы үстөмдүк кылат. Түш. Азия (Иран) м‑н Түш.-Чыгыш Европадан соккон кургакчыл түн.батыш шамалдардын ж‑а Индияга жаан‑чачынды мол алып келген жайкы муссондун пайда болушуна шарт түзөт. Уюлдук фронттун цик лондору Чыгыш Азияда нымдуу жайкы муссонду пайда кылат. Күзүндө Чыгыш Азия фронттору аркылуу кыйраткыч күчтөгү тропиктик циклондор – тайфундар өтөт. Кышында Азиянын тропиктик бөлүгүндө континенттик тропик тик, жайында – экватордук деңиздик аба, экватордун үстүндө жыл бою жаан‑чачын мол жааган, абанын темп‑расы сезон б‑ча анча өзгөрбөгөн деңиздик экватордук климат үстөмдүк кылат. Азиянын кургакчыл тропик тик аймактарында эң ысык болот; абанын эң жогорку темп‑расы (53°С) Пакистандын Жейкобабад ш. тушта катталган [дүйнөдөгү эң ысык жердин (Ливиядагы Триполи ш. тушта) темпрасынан (58°С) 5°С гана төмөн]. А‑нын көп бөлүгүндө жаан‑чачын негизинен жылдын жылуу мезгилинде, Жер Ортолук деңиздин чыгышында кышында жаайт. Чыгышы м‑н түштүгүнүн климаты муссондук; мында кургакчыл ж‑а нымдуу мезгилдер кескин алмашат. Индиянын түн.-чыгышында – Черапунжиге жылына 13 миң ммдей жаан‑чачын жаайт (Жер шарындагы эң
жаанчыл жер, 1861‑ж. 22 900 мм жааган). Ба тыш, Орто ж‑а Борб. Азиянын түздүктөрүндө негизинен чөл ж‑а жарым чөл климаты, Ти бет, Памир тоолоруна суук чөл климаты мүнөздүү. Түн. Жер а‑да, Памир, Теңир‑Тоо, Ги малай, Кара‑Корум, Гиндукуш ж. б. тоолордо мөңгү жатат. Мөңгүнүн жалпы аянты 120 миң км2дей. Түн. ж‑а Чыгыш Сибирдин кыйла аймагын (11 млн кж2дей) көп жылдык тоң ээлейт.
Негизги дарыялары: Обь (Иртыш м‑н), Ени сей (Ангара м‑н), Лена (Түн. Муз океандын алабына кирет; жылдын көп бөлүгүндө муз кап тал жатат), Амур, Хуанхэ, Янцзы (уз. 5800 км,
А‑дагы суусу эң мол ж‑а эң узун дарыялар), Сицзян, Меконг (Тынч океандын алабы), Са луин, Иравади, Брахмапутра, Ганг, Инд, Тигр, Евфрат (Инди океанынын алабы), Аму‑Дарыя, Сыр‑Дарыя (Арал деңизинин ал абы). Азиянын көп дарыяларынын трансп. ж‑а энергетикалык, О. Азиядагы ж‑а чет өлкөлөрдөгү көптөгөн дарыялардын ирригациялык мааниси зор. А‑нын көп аймактарынан океанга (Каспий, Арал деңиздеринин алабы, Борб. А‑нын көп бөлүгүндө, Иран тайпак тоосунун ж‑а Араб ж. а‑нын ички аймактарында) суу агып чыкпайт. А‑дагы эң ири көлдөр – Каспий ж‑а Арал деңиздери; алардан башка чоң көлдөрү: Байкал, Балкаш, Ысык‑Көл, Ван, Урмия, Кукунор, Поянху, Тайху, Тонлесап.
А‑нын көп бөлүгү Голарктика флоралык ж‑а зоогеографиялык дүйнөсүнө таандык. Араб ж. а‑нын түштүгү, Индстан, Индикытай ж‑а Малайя архипелаги Палеотропиктик өсүмдүк дүйнөсүнө кирет. Түш. Азия Инди‑Малайя зоогеогр. обл‑на, Арабстандын түштүгү Эфиопия обл‑на кирет. А‑нын фаунасынын көбү Европа, Түн. Америка ж‑а Африкадагы жаныбарлардын түрүнө окшош.
Түн. Муз океанды жээктей мамык чөп, эңилчек, бадалчалуу тундра ээлеп, анын астында глейлүү тундра топурагы өрчүгөн. Андан түштүктөгү ичке тилкеде токойлуу тундра зонасы жайгашкан. Анда сейрек токой м‑н тунд ра өсүмдүктөрүнүн айкалышы мүнөздүү. Токой луу тундранын түштүгүндө кенен тилкени ээлеген тайгага (негизинен ийне жалбырактуу то кой) тоң‑тайга, күл, чымдак‑күл топурактары мүнөздүү. Амур бою аймагынын, Түн.-Чыгыш Кытайдын ж‑а Япон а‑нын аралаш ж‑а жазы жалбырактуу токойлору түргө байлыгы, эндемиктердин ж‑а реликттеринин көптүгү м‑н айырмаланат. Андагы ийне жалбырактуу өсүмдүктөр (Корей кедри, сибирь ж‑а аян карагайлары) м‑н кошо эмен, кайың, кара жыгач, манжур жаңгагы, япон каштаны, лиана ж. б. өсөт. Алардын астында күлдөшкөн коңур ж‑а токойдун коңур топурактары өрчүгөн. Токойлуу талаа зонасынын Батыш Сибирь бөлүгүнө майда жал бырактуу токой ж‑а шалбаалуу талаа, Түш. Си-
бирдин тоолоруна ж‑а ойдундарына, Монголиянын түндүгүнө, Кытайдын түн.-чыгыш түздүктөрүнө ийне‑майда жалбырактуу токойлор мүнөздүү. Алардын астында кара, токойдун боз, оёң жерлеринде шортоң (солонец, солончак) топурактар өрчүгөн. Талаа зонасынын туташ тилкеси Түш. Сибирь ж‑а Монголия тоолорунда үзүлөт. Батыш Сибирдин түштүгүндө ж‑а Казак станда дүйүм чөп‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү үстөмдүк кылын, түштүктө кургак талаага өтөт. Талаа зонасында негизинен кара ж‑а каралжын каштан топурактары басымдуу. Алтай тоолорунан Чоң Хинганга чейин дүңгөлүү‑кылкандуу талаа өсүмдүктөрү Монголиянын түштүгүндө кургак талаа ж‑а жарым чөл м‑н алмашат. Сибирь ж‑а Казакстандагы токойлуу талаа ж‑а талаа зоналары негизинен айдалган. Каспий деңизинин жээгинен Казакстандын борб. бөлүгү, О. Азия, Жунгария аркылуу Кытайдын батыш бөлүгүнө чейин мелүүн алкактын сейрек өсүмдүктүү жарым чөл ж‑а чөл зоналары созулуп жатат. Анда бадалчалуу (шыбактын түрлөрү) ж‑а бадалдуу (сөксөөл, караган), тоо аралык ойдундарында баялыштуу чөлдөр таралган. Борб. Азиянын кыйла бөлүгүндө дээрлик өсүмдүк өспөйт. Казакстандын жарым чөлүнө ачык каш тан, О. Азиянын чөлдөрүнө бозомук‑коңур, ал лювий түздүктөрүнө аллювий‑шалбаа ж‑а такыр, кумдуу чөлдөргө чириндиси аз карбонаттуу топурактар, лёсстуу платолорго боз топурактар мүнөздүү. Гоби, Жунгарияда, Теңир‑Тоо, Алтайдын этектериндеги түздүктөрдө бозомук‑коңур чөл топурактары басымдуу. Такла‑Маканда сапырылма кумдуу аймактар кеңири тараган. Тибет тайпак тоосунда топурак кыртышы анча өрчүгөн эмес.
Субтропиктик алкактын Жер Ортолук деңиздик секторунда дайыма жашыл катуу жалбы рактуу токой, сейрек токой ж‑а бадалдар Кара ж‑а Жер Ортолук деңиздердин жээктерин, Тавр, Понт, Антиливан тоолорунун айдарым капталдарын (этектерин ксерофиттик бадалчалар ж‑а чөп өсүмдүктөр – маквис, фригана, гарига, 700–
800 мден жогору ийне жалбырактуу токой, арча) ээлейт. Мында сиалиттик карбонаттуу үбөлөндү кыртышта күрөң ж‑а бозомук күрөң, о. эле Кы зыл топурактар өрчүгөн. Талыш, Эльбурс тоо лорунун Каспий деңизин караган капталдарын нымдуу жазы жалбырактуу токой ээлейт (а. и. реликтик каштан, жалбырактуу эмен, катраңкы, самшит дарактары да бар). Субтропик алкагынын континенттик секторлору чириндиге жарды боз, бозомук‑күрөң ж‑а бозомук‑коңур чөл, таштак ж‑а кумдак жөнөкөй топурактуу келип, Кичи Азия тайпак тоолорунда бадал өсүмдүктүү талаа (а. и. шыбак, эфемер өсүмдүк төрү), Армян тайпак тоосунда ак кылкан бетегелүү талаа ж‑а жарым чөл өсүмдүктөрү басым дуу. Кургакчыл таштак капталдарына тоо ксерофиттери (тикендүү жаздык сымал бадалдар) өсөт. Иран тайпак тоосунда ташта өсүүчү бадал чалар кездешет. Этек тоолордо ж‑а тоо капталдарынын этек бөлүктөрүндө жапалак эмен, мисте, о. эле арчадан турган сейрек токой кезде шет. Паропамиздин ж‑а Гиндикуштун төмөнкү алкактарында талаа өсүмдүктөрү субтропиктик жаңгак‑мөмө‑жемиш токойлору (бадам, анжир, мисте) м‑н аралаш өсөт. 2200 м бийиктиктен жогору тоонун ийне жалбырактуу токой (көк карагайы, гималай карагай ж. б.) алкагы баштал ат. Тибет тайпак тоосунда өскүлөң кылкан өсүмдүк‑бадалчалуу чөл ж‑а суук талаа басым дуу (альп шалбаасы да кездешет). Эң мүнөздүү өсүмдүктөрү: ыраңдын түрлөрү, доңуз сырт, ак кылкан, карагай, терскен, аяния, шыбак. Кы тайдын чыгышындагы Циньлин м‑н Наньлин тоолорунун аралыгын жазы ийне жалбырактуу субтропиктик токой ээлейт. Ийне жалбырактуулардан юньнань кызыл карагайы, куннингамия (реликттер – метасеквоя, жалган кара карагай, кетелеерия ж. б.), жазы жалбырактуулардан эмендин түрлөрү, камфар лавры, катальпа, кастанопсис ж. б. өсөт; лианалар көп.
Тропик алкагынын континенттик климаттуу аймактарында карбонаттуу ж‑а туздашкан чөл топурактары басымдуу. Араб ж. а‑нын кум дуу чөлдөрүндө псаммофилдик кылкандуу (аристида, жапайы таруу) өсүмдүктөр, бархандардын капталдарында – тамарикс, жантак, такыр жер
лерде – каперстер басымдуу. Араб деңизинин жээктеринде, Инд д‑нын дельтасында шор (солончак) ж‑а шалбаалуу шортоң, өрөөн-
дөрүндө чириндиге жарды боз топурактар кездешет. Дайыма нымдуу тропиктерде (Малайя архипелагында, Малакка ж. а‑да, Индстан ж. а‑нын батыш жээгинде, Шри‑Ланканын түш.-батышында, Индикытайдын тоолорунда, Вьетнамдын түндүгүндө, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоосунда, Хайнань, Ява, Тимор а‑нда) кызыл‑сары, кызыл ферралит, феррсиалит ж‑а феррит топу рактары басымдуу.
Субэкватор алкагында кызыл‑коңур ферралит (Индстан, Индикытай ж. а‑да), кызыл ферра лит (Чхота‑Нагпур платосунда, Кытайдын түш. бөлүгүндө), үбөлөндү базальт, андезит ж. б. эф фузия тектеринин үстүндө камдашкан кара монтмориллонит топурактары (Декан бөксө тоосунда, Иравади ж‑а Чиндуина д‑нын аралыгында) пайда болгон (Индияда ал пахта топурагы же регура деп аталат). Меконг, Менам‑Чао‑Праянын алаптарынын нымдуу сезондо суу астында калган жерлеринде глейлешкен аллювий‑шалбаа ж‑а саздак топурактар үстөмдүк кылат. Тропиктин аллювий топурактары шалы өстүрүүгө байланыштуу өтө өзгөрүп кеткен. Субэкватор алкагында жалбырагын күбүүчү (муссондук) то кой үстөмдүк кылат. Ап кургакчыл сезондун узактыгына ж‑а нымдуулукка байланыштуу нымдуу ж‑а кургакчыл жалбырагын күбүүчү токой деп экиге бөлүнөт. Нымдуу жалбырагын күбүүчү токой (кургакчыл сезон 3‑5 айга созулат) Индикытай ж. а‑да, Батыш Гат тоолорунун айдарым капталдарында, Чхота‑Нагпур платосунда, Чыгыш Гималайдын түш. каптал дарында өсөт. Анда сал дарагы, диптерокарп тукумунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Кургакчыл жалбырагын күбүүчү токойдун (кургакчыл се зон 6 ай) 90% ке жакынын тик, терминалий, кызгылт дарак ж‑а сандал түзөт. Декан бөксөтоосунда, Индиянын түн.-батышында, Индикы тайдын тоо аралык өрөөндөрүндө тикендүү дарактардан ж‑а бадалдардан (зарад, пальмира, тик, чөп өсүмдүктөрдөн – кылкандуулар) турган сейрек токой таралган. Чатырча сымал дарак өсүмдүктөрү саванна ландшафтын элестетет. Индиянын кургакчыл аймактарында (Ражастхан штаты) ж‑а Мьянманын кургакчыл зонасында жапыз (1,5–2 мге чейин) зараңдуу, сүттүү чөп, зизифустуу чөлдөшкөн саванна кездешет.
Нымдуу тропиктик дайыма жашыл жамгыр токою экватор алкагын (Малакка ж. а‑н, Ма лайя архипелагынын аралдарын, Шри‑Ланка а‑нын түш.-батышын), Индстандын түш.-батышындагы ж‑а Индикытайдагы тоолорду, Кытай дын түштүгүн (Хайнань а‑н, Юньнань‑Гуйчжоу тайпак тоосунун түш.-батышын) ээлейт. Анда диптерокарп (Индонезияда эле 160тан ашык түрү бар) ж‑а чанактуулар (птерокарпустар, дальбергдер) тукумдарынын өкүлдөрү үстөмдүк кылган полидоминант токою, пальманын ЮОдөн ашык түрү, нан дарагы, фикустун түрлөрү өсөт. О. эле
лианалар, эпифиттер (а. и. папоротниктер, архидеялар) арбын. Деңиз ташкындаганда суу кап тап калуучу жээктерге манрглар, саздар мүнөздүү.
Жаныбарлары да ландшафттын башка компоненттери сыяктуу эле кеңдик зоналары ж‑а бийиктик алкактары б‑ча таралган. Тундрада сойлоктор, жерде‑сууда жашоочулар дээрлик жокко эсе, куштардан ак чил, уюл үкүсү турук туу жашайт, калгандары (өрдөк, ак куу, каз, ак чардак ж. б.) келгиндер. Түн. деңиздердин жээктерине ак аюу, тюлень, морж, тундрага түн. бугусу, түлкү, ак коён мүнөздүү; о. эле кан соруучулар – чиркей, карачиркей, көгөндөр көп. Тайгада сүт эмүүчүлөрдүн 90го жакын түрү бар, алар багыш, бугу, элик, күрөң аюу, сүлөөсүн, тыйынчычкан, булгун, киш, коён ж. б. Куштар дан кайчы тумшуктар, тоңкулдактар, кара курлар, керең кур, рябчиктер, үкүлөр, сойлоктордон суу жыландар, чаар жылан, кескелдирик, жерде‑сууда жашоочулардын бир нече түрү мекендейт. Ы. Чыгыштын аралаш ж‑а жазы жал бырактуу токойлорунда Сибирь фаунасынын өкүлдөрүнөн сырткары сыпайы ж‑а чаар бугу, амур жолборсу, гималай аюусу, енот ити, сары төш суусар (харза), сойлочулардан Ы. Чыгыш калкан тумшуктары, соймоңдор жашайт. Куштар (а. и. мандарин өрдөгү) көп.
Талаа зонасында кемирүүчүлөр көп: тыйынчычкан, момолой чычкан, коён, талаа (байбак) ж‑а монгол (тарбаган) суурлары, кадимки коён,
кош аяктар. Ири туяктуулардан Казакстандын талааларында сайгак, монгол талааларында дзерен, эки өркөчтүү төө кездешет. Жырткычтардан ач күсөн, корсак бар. Тоолорду аркар, илбирс (азыр коргоого алынган), Тибет тайпак тоосун топоз, антилопа мекендейт.
Чөл зонасында кемирүүчүлөр (кош аяктар, тыйын чычкандар ж. б.) ж‑а сойлочулар (жыландардан – калкан тумшуктар, гюрза, кобра, муунткуч жылан ж. б.) өтө көп. Чаяндар, бөйүлөр, кара курттар ж. б. жөргөмүш сымалдуулар кездешет. Субтропик климаттуу алкактын Жер Ортолук деңиздик секторуна туяктуулар (каман, чоң сакал теке, муфлон), жырткычтардан – суусар сымалдар тукумунун өкүлдөрү (а. и. мадыл), карышкыр, чөө, куштардан мукур сымалдардын ж‑а думбулдардын өкүлдөрү мүнөздүү. Кытайдын чыгышындагы тоолордун субтропиктик токойлорунда дүйнөдө чанда кездешкен бамбук аюусу (чоң панда), жалтырак маймылдар жашайт.
Тропиктик, субэкватордук ж‑а экватордук алкактардын сезондук‑нымдуу токойлорунда инди‑малайя фаунасы үстөмдүк кылат. Ири туяктуулардан индия пили, кериктин 3 түрү мүнөздүү. Бодолордон бантенг ж‑а гаур, ачык жерлерде антилопалар, токойлордо бугулар (аксис, замбар, мунтжак), жырткычтардан жолборс, кабылан, чөө кездешет. Азия арстаны дээрлик жок кылынган (анын 200гө жакын Индиядагы Гир токой коругунда жашайт). Токойлорун маймылдар (лангурлар, гиббондор, орангутандар) мекендейт. Кемирүүчүлөрдөн чүткөр, индия бандикоталары, вивер сымалдуулар (циветтер, мангусттар ж. б.) жашайт. Муссон токойлорун да жапайы took, кадимки павлин, асыл тотулар, жамгырлуу токойлордо шимикчи чымчыктар кездешет; даракчыл жыландар көп. Уулуу жыландардан эң кооптуулары индия ж‑а падыша жыландары. А‑нын жаныбарларынын көп түрү жок кылынган, омурткалуулардын 1450гө жакын түрү жоголуу чегинде турат; көп түрү табиятты ж‑а табигый ресурстарды коргоо б‑ча эл аралык союздун Кызыл китебине киргизилген.
А‑нын аймагы төмөнкү физ. -геогр. өлкөлөргө бөлүнөт: Түн. А. (бүт Сибирди, россиялык Ы. Чыгышты камтыйт), Чыгыш А. (Кытай дын 110° чыгыш уз‑нан чыгышты карай жаткан аймагы, Корей ж. а., Япон а‑дары), Түш. Чыгыш А. (Индикытай ж. а., Малайя ар хипелагы), Түш. А. (Индстан ж. а., ШриЛанка а., Инд‑Ганг түздүгү, Гималаи), Батыш А. (Кавказ, Алдынкы Азия тайпак тоолору), Түш. – Батыш А. (Араб ж. а., Месопотамия, Левант), Борб. А. (Монголия, Батыш Кытай, Тибет Орто А. (Туран ойдуңу, Памир, Теңир‑Тоо).
А‑нын табияты чарбачылыктан кыйла өзгөрүп кеткен. 2003‑ж. коргоого алынган аймактын аянты А‑нын жеринин 8%ин түзгөн. Коргоого
алынган аймактын көбү Индонезияда (1080), Кытайда (809), Индияда (497), Малайзияда (190), Таиландда (158) жайгашкан. А‑дагы 20 өлкөдө биосфералык корук бар (анын бирөө Кырг‑ндагы – Сары‑Челек биосфералык коругу). Рамсар конвенциясынын (1971‑ж. негизделген, Иран) маалыматы б‑ча жалпы аянты
7,3 млн га болгон эл аралык маанидеги суу‑саздуу жерлер коргоого алынган. Коргоого алын ган аймактын көбү Буткул дуйнөлук мурастар
тизмесине кирген, а. и. Сандарбан (Индия ж‑а Бангладештин аймактарындагы мангр токой массиви), Казиранга, Нанда‑Деви ж‑а КеоладеоГхана (Индия), Ужунг‑Кулон ж‑а Комодо (Ин донезия), Сагарматха ж‑а Читван (Непал) улут тук парктары, араб антилопа резерваты (Оман), Туббатаха рифтиндеги деңиз паркы (Филиппинде), Япониянын парктары, о. эле Камчатка жанар тоолору, Алтайдын Алтын тоолору (Ал тай ж‑а Катунь коруктары, Белуха табият пар кы), Байкал көлү ж. б.
Жогорку палеолит ж‑а мезолит доорунда эле А‑нын басымдуу бөлүгүндө адамдар отурукташа баштап, кийин Америка, Австралия, Океанияга чейин тараган. А‑да үч чоң раса калыптанган: европеоиддер (түш.-батыш ж‑а батыш аймактарда), монголоиддер (Борб. ж‑а Чыгыш А‑да), аветралоиддер (түш.-чыгышта). Неолит ж‑а коло доорунда адамдар А‑нын бардык аймактарына таран, ири дарыялардын (Тигр, Ев фрат, Инд, Хуанхэ, Аму‑Дарыя) өрөөндөрүндө дыйканчылык өнүгүп, о. эле сугат иштерин өркүндөтүүнүн (каналдарды куруунун) натыйжасында байыркы ири цивилизациялар пайда болгон. Азыркы А‑лыктар бир нече расага бөлүнөт, бирок анын басымдуу көпчүлүгү мон голоид расасынын үч тобуна кирет: түндүк (Сибирь ж‑а Түн.-Чыгыш Кытайдын бир бөлүгү), чыгыш (монголдор ж‑а түн. кытайлар) ж‑а түштүк (монголоид ж‑а австралоиддердин аралашма ж‑а өтмө тиби түш. кытайлар, индонезиялыктар, филиппиндер, Индикытай элдери, о. эле япондор). Европеоид расасын а (анын түш. бутагына таандык) алдынкы А‑нын, Түн. Индия, О. Азиянын (тажиктер) элдери, австралия расасына А‑нын ар кайсы аймактарында жашаган аз сандагы топтор: Цейлон веддери ж‑а бхилдерде, мунда ж‑а дравид элдеринин айрым топторунда, о. эле түш. чыгыш А‑нын кээ бир майда элдеринде (сеной, тоала ж. б.) кездешкен веддо тиби; Чыгыш Ин донезия элдериндеги меланезия ж‑а папуас тиби; Филиппин аэталары, Малайя семангдары, Ин дия андамандарындагы негритостук; Япон айныларындагы айны тиби кирет. Ошондой эле Түш. Индиянын дравид элдериндеги түш. индиялык тип; европеоиддер м‑н монголоидердин ортосунан чыккан аралаш типке кирген Батыш Си бирь, О. Азия, Түн. Индия, Түш. Урал, Алтай,
Table 1: Азия мамлекеттери
Мамлекеттер | Аянты(миң км2) | Калкынын саны (млн; 2012) | Борборлору | |
Азербайжан, Азербайжан Республикасы | Баку | |||
Армения, Армян Республикасы | Ереван | |||
Афганстан, Ооганстан Ислам мамлекети | Кабул | |||
Бангладеш, Бангладеш Эл Республикасы | Дакка | |||
Бахрейн | Манама | |||
Бириккен Араб Эмирликтери | Абу‑Даби | |||
Бруней, Бруней Даруссалам | Бандар‑Сега‑Бегаван | |||
Бутан, Бутан Королдугу | Тхимпху | |||
style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt
solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Вьетнам Социалистик Республикасы |
Ханой | |||
Грузия, Грузин Республикасы | Тбилиси | |||
Израиль | Иерусалим | |||
Индия, Индия Республикасы | 3,3 млн | 1,3 млрд | Дели | |
Индонезия, Индонезия Республикасы | 1,9 млн | Жакарта | ||
Иордания, Иордан Хошимит Республикасы | Амман | |||
Ирак, Ирак Республикасы | Багдад | |||
Иран, Иран Ислам Республикасы | 1,65 млн | Тегеран | ||
Йемен, Йемен Республикасы | Сана | |||
Казакстан, Казакстан Республикасы | 2,7 млн | Астана | ||
(басымдуу бөлүгү) | style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid
#000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | |
|||
Камбоджа, Камбоджа Королдугу | Пномпень | |||
Катар | Доха | |||
Кипр, Кипр Республикасы | Никосия | |||
Корей Республикасы | Сеул | |||
Корей Элдик Демократия лык Республикасы | Пхеньян | |||
Кытай, Кытай Эл Республикасы | 9,6 млн | 1,4 млрд | Пекин | |
Кувейт | Эль‑Кувейт | |||
Кыргызстан, Кыргыз Республикасы | 6 (2015) | Бишкек | ||
Лаос, Лаос Элдик Демократиялык Республи | Вьентьян | |||
касы | style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | |||
Ливан, Ливан Республикасы | Бейрут | |||
Малайзия | Куала‑Лумпур | |||
Мальдив, Мальдив Республикасы | Мале | |||
Монголия, Монгол Уле | Улан‑Батор | |||
Мьянма (Бирма), Мьянма союзу | Янгон | |||
Непал, Непал Королдугу | Катманду | |||
Оман, Оман Султандыгы | Маскат | |||
Өзбекстан, Өзбек Республикасы | Ташкен | |||
Пакистан, Пакистан Ислам Республикасы | Исламабад | |||
Палестина | ||||
align=center style="background-color:#d9e2f3;border-top:0.5pt solid #000000;border-bottom:0.5pt solid #000000;border-left:0.5pt
solid #000000;border-right:none;padding-top:0in;padding-bottom:0in;padding-left:0.075in;padding-right:0.075in;color:#000000;" | Россия, Россия Федерациясы (басымдуу бөлүгү) |
17075,4 | 143,8 (2002) | Москва | |
Сауд Арабстаны | 2,15 млн | Эр‑Рияд | ||
Сингапур, Сингапур Республикасы | Сингапур | |||
Сирия, Сирия Араб Республикасы | Дамаск | |||
Тажикстан, Тажикстан Республикасы | Душанбе | |||
Таиланд, Таиланд Королдугу | Бангкок | |||
Тайвань | 21,0 (1996) | Тайбэй | ||
Түркмөнетан, Түркмөн Республикасы | Ашгабат | |||
Түркия, Түрк Республикасы (басымдуу бөлүгү) | Анкара | |||
Филиппин, Филиппин Республикасы | Манила | |||
Шри‑Ланка, Шри‑Ланка
Демократиялык |
||||
Социалисттик Республикасы | Жаяварденапура‑Котте | |||
Япония | Токио | |||
Казакстан элдери бар. Кыргыз элинин жалпы антропологиялык тиби европеоид ж‑а монголоид тектеги расалардын аралашуусунан пайда бо луп, түш. Сибирь – тураноид расасына кирет.
Ад.: Физическая география материков и океанов. М., 1988; Магидович И. П. Очерки по истории геогра фических открытий. М., 1967; Зарубежная Азия. Физическая география. М., 1956; Витвицкий Н. Г.
Климат Зарубежной Азии. М., 1960; Пфеффер П.
Азия. М., 1982; Власов Т. В. Физическая география материков (с прилегающими частями океанов). 4 изд. М., 1986; Гвоздецкий Н. А,, Михайлов Н. И. Физи ческая география СССР. Азиатская часть. 4 изд. М.,
1987; Исаченко А. Г., Шляпников А. А. Ландшафты. М., 1989; Романова Э. П., Куракова Л. И., Ермаков Ю. Г. Природные ресурсы мира. М., 1993; Нико лаев В. А. Ландшафты азиатских степей. М., 1999; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты Зару бежной Азии. М., 2000; Хайн В. Э. Тектоника конти нентов и океанов (год 2000). М., 2001; Бараталиев Ө.
Материктердин жана океандардын физикалык географиясы. Б., 2005.
Ө. Бараталиев.