Difference between revisions of "АЗЕРБАЙЖАН"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
117-179>KadyrM
1 -сап: 1 -сап:
Азербайжан Респуб лик а с ы – Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түн.-батышынан Грузия, түш.-батышынан Армения ж‑а Түркия, түштүгүнөн Иран м‑н чектешет. Чыгышын Кас пий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң ''км2.'' Кал­кы 9,8 млн (2015). Борбору – Баку ш. Акча бир­диги – манат. Курамында ''Нахичеван Автоно мия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу,'' 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.

==Мамлекеттик түзүлүшү.==
Мамлекеттик түзүлүшү. А – унитардык мам лекет. А‑дын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан
А – унитардык мам лекет. А‑дын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер­министр жетектеген өкмөт (министрлер Каби­нети). Премьер‑министр Милли межлистин ма­кулдугу м‑н президент тарабынан дайындалат.

турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер­министр жетектеген өкмөт (министрлер Каби­нети). Премьер‑министр Милли межлистин ма­кулдугу м‑н президент тарабынан дайындалат.

A‑да көп партиялуу система орун алган. Не гизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокомму­нисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.

==Табияты.==
Табияты. А‑дын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө ''Чоң Кавказ,'' түштүгүндө ''Кичи Кав каз'' тоолору, алардын аралыгында ''Кура‑Аракс ойдуңу,'' түш.-чыгышында ''Талыш тоолору'' (би­йикт. 2477 ''м)'' ж‑а ''Ленкоран ойдуңу,'' түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) ж‑а Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгай­луу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири арал дары: Апшерон архипелагында – Жилой ж‑а Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон
А‑дын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө ''Чоң Кавказ,'' түштүгүндө ''Кичи Кав каз'' тоолору, алардын аралыгында ''Кура‑Аракс ойдуңу,'' түш.-чыгышында ''Талыш тоолору'' (би­йикт. 2477 ''м)'' ж‑а ''Ленкоран ойдуңу,'' түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) ж‑а Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгай­луу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири арал дары: Апшерон архипелагында – Жилой ж‑а Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон
[[File:АЗЕРБАЙЖАН16.png | thumb | Азербайжандын ландшафты.]]
[[File:АЗЕРБАЙЖАН16.png | thumb | Азербайжандын ландшафты.]]
ж. а., Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ой дуңу нефть ж‑а газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сы­мап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таш­туз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак ж‑а дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо темп‑расы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Ян­вардын орт. темп‑расы түздүктөрүндө 0°...–3°С; тоолуу аймактарында –3...–6°Сге, бийик тооло­рунда –10°Сге чейин. Абс. мин. –30°С (Нахиче ван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орт. темп‑расы ойдуңдарда 25–27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абс. максимуму 40–43°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны ойдуңдарда 200–300 ''мм,''

13 -сап: 12 -сап:
''15,5 км2),'' Беюкшор (10,3 ''км2).'' Кавказдагы эң кооз көл – Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур ж‑а күрөң тоо‑токой, тоо‑шалбаа, Лен­коран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кур­гак талая, жарым чөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүк­төрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этек­теринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. А‑дын аймагында 14 корук бар; алардын ири­лери: Гөйкөл (1925‑жылдан иштейт), Кызыла­гач (Кура д‑нын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гир­кан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж. б. Өлкөнүн экол. абалы жылдан жылга оорлошуу­да. Айлана‑чөйрөнү булгоочу негизги булак ­нефть казып алуу ж‑а ажыратуу, металлургия, хим. өнөр жайы, тоо кен комбинаты, о. эле кур­гакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий де ңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү ж‑а нефть, нефть продуктулары м‑н булганышы табиятка терс таасирин тийгизүүдө.

Кура ж‑а Араке д‑нда фенол м‑н оор темирдин концентрасы өтө (ККЧ 15‑25 эсе) жогору.

Кура ж‑а Араке д‑нда фенол м‑н оор темирдин концентрасы өтө (ККЧ 15‑25 эсе) жогору.

==Калкы.==
Калкы. Өлкөнүн негизги калкы азербайжан­дар (91,6%), о. эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болго­нуна карабастан кийинки кездери азербайжан­армян кагылышуусунун натыйжасында кошу­на Армениядан келген азербайжан‑качкында­рынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жак­тарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орт. жыш­тыгы: 1 ''км''2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы ­56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеит­тер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жа­шынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жерг. калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.

Өлкөнүн негизги калкы азербайжан­дар (91,6%), о. эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болго­нуна карабастан кийинки кездери азербайжан­армян кагылышуусунун натыйжасында кошу­на Армениядан келген азербайжан‑качкында­рынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жак­тарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орт. жыш­тыгы: 1 ''км''2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы ­56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеит­тер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жа­шынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жерг. калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.

Тарыхы. Азыркы А‑дын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Б. з. ч. 9‑к‑да пайда болгон Ман мамлекетинде чарба ж‑а мад‑ты бир кыйла дурус өнүгүп, узак уба­кыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол са­лууларына туруштук берип келген. Б. з. ч. 7‑к‑да түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империя­лардын бирине айланат да, Ман анын курамы­на кирип, негизги маданий борборго айланган. Б. з. ч. 6‑к‑дын ортосунда Мидияны Персия ба­сып алып, бийлик ''Ахемениддер'' династиясынын

[[File:АЗЕРБАЙЖАН18.png | thumb | Баку ш‑нын де ңиз жээги.]]
[[File:АЗЕРБАЙЖАН18.png | thumb | Баку ш‑нын де ңиз жээги.]]
26 -сап: 24 -сап:
2003‑ж. 15‑октябрда президенттик шайлоодо жеңишке Г. Алиевдин уулу Ильхам Алиев ээ болуп, ал 79,46% добуш алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эртеси күнү президенттикке талапкерлердин бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбардын үч миңден ашуун жактоочулары борб. аянтка чыгышкан. Окуя болгон жерге ички аскерлердин полку келип, алар м‑н кагылышып, натыйжада курмандыктар болгон. 2008‑ж. И. Алиев экинчи, 2013‑ж. үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. И. Алиевдин тушунда өлкөнүн экономикасы 2,6 эсеге, өнөр жай өндүрүшү 2,5 эсеге өсүп, 770 миңге жакын жаңы жумуш орундары пайда болду, жакырчылыктын деңгээли 49дан 13,2% га чейин төмөндөдү, бюджеттин чыгымдары 12 эседен ашык көбөйдү. 2006–07‑ж. Каспий мунайын Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан портуна ж‑а Түш. Кавказ газ түтүгүнө (Баку‑Тбилиси‑Эрзурум) ташуу үчүн Баку‑Тбилиси‑Жейхан мунай кууру ишке киргизилди.

2017‑жылдын 30‑октябрында Баку‑Тбилиси‑Карс (БТК) темир жол линиясынын расмий ачылыш аземи болуп, ага И. Алиев, Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган ж‑а Грузиянын премьер‑министри Г. Квирикашвили катышты. Бакуда өткөрүлгөн спорттук мелдештер: күрөш б‑ча дүйнөлүк чемпионат (2007), бокс (2011), о. эле Евровидение ыр сынагы (2012), биринчи жолу болуп өткөн Европа оюндары (2015) ж. б. өлкөнүн эл аралык кадыр‑баркын көтөрүүгө багытталган. А‑дын тышкы саясатында Тоолуу Карабак негизги маселелерден. 2008‑ж. ноябрда Түш. Кавказдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча А., Армения ж‑а Россиянын Президенттери биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 2020‑ж‑дын 27‑сентябрында Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар болуп, ал ошол эле жылдын 10‑ноябрына чейин уланган. А‑дын Президенти, Армениянын Премьер‑министри ж‑а Россиянын Президенти 10‑ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу ж‑дө декларацияга кол коюшуп, биргелешип иш алып барышты. Согуш учурунда 5 шаар (Жебраил, Физули, Зангилан, Губадли, Шуша), 4 кыштак ж‑а 240 айыл А. армиясынын көзөмөлүнө өткөн.

==Экономикасы.==
Экономикасы. А. – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл ж‑а балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу ж‑а иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – А. мамл. нефть компаниясы (ГНАКР) ж‑а Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку ш‑нын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн ''т'' нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд ''м3''
А. – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл ж‑а балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу ж‑а иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – А. мамл. нефть компаниясы (ГНАКР) ж‑а Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку ш‑нын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн ''т'' нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд ''м3''
[[File:АЗЕРБАЙЖАН20.png | thumb | Каспий денизиндеги нефть платформасы.]]
[[File:АЗЕРБАЙЖАН20.png | thumb | Каспий денизиндеги нефть платформасы.]]
газ (ири кени Шах‑Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россияньш (мурдагы Баку – Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) ж‑а Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003‑ж. 21,3 млрд ''кВт‑с''

71 -сап: 68 -сап:
Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. 255‑286; ''Бадалов Р.'' В контексте по‑истории // Территория кино; Постсоветское десятилетие. М., 2001.

''Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов.''

''Ө. Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов.''

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

Азербайжан Респуб лик а с ы – Закавказьенин чыгышындагы мамлекет. Түндүгүнөн Дагстан, түн.-батышынан Грузия, түш.-батышынан Армения ж‑а Түркия, түштүгүнөн Иран м‑н чектешет. Чыгышын Кас пий деңизи чулгайт. Аянты 86,6 миң км2. Кал­кы 9,8 млн (2015). Борбору – Баку ш. Акча бир­диги – манат. Курамында Нахичеван Автоно мия Республикасы, Тоолуу Карабах тарыхый облусу, 66 район, 65 шаар, 122 шаарча бар.

Мамлекеттик түзүлүшү. А – унитардык мам лекет. А‑дын Конституциясы 12. 11. 1995‑ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президент­тик республика. Мамлекет башчысы – бүткүл эл тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган президент. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы – Милли межлис (бир палаталуу парламент; 5 жылдык мөөнөткө шайланып, 125 депутаттан турат). Аткаруу бийлигинин органы – премьер­министр жетектеген өкмөт (министрлер Каби­нети). Премьер‑министр Милли межлистин ма­кулдугу м‑н президент тарабынан дайындалат.
A‑да көп партиялуу система орун алган. Не гизги саясий партиялары: «Жаңы Азербайжан», Азербайжан элдик фронту (НФА), Неокомму­нисттик партия, Азербайжан коммунисттик партиясы, Мусулман демократиялык партиясы (Мусават), Ислам союзу.
Табияты. А‑дын аймагы негизинен тоолуу. Түндүгүндө Чоң Кавказ, түштүгүндө Кичи Кав каз тоолору, алардын аралыгында Кура‑Аракс ойдуңу, түш.-чыгышында Талыш тоолору (би­йикт. 2477 м) ж‑а Ленкоран ойдуңу, түштүгүндө Орто Араке ойдуңу, Айоцдзор (Дарлагез) ж‑а Зангезур тоо кыркалары курчап жатат. Ири жарым аралдары: Апшерон, Кура, Сара; ыңгай­луу бухталары: Кызыл‑Агач, Баку; ири арал дары: Апшерон архипелагында – Жилой ж‑а Артём (жээкке дамба аркылуу туташат). Баку архипелагында майда аралдар бар. Апшерон

Азербайжандын ландшафты.

ж. а., Апшерон, Баку архипелагдары, Кура ой дуңу нефть ж‑а газга бай; темир, алюминий (Дашкесан), полиметалл, алунит (Заглик), сы­мап, кобальт, коргошун, цинк, молибден, таш­туз (Нахичеван), йод, бром кендери казылып алынат. Минералдуу суулар, дары баткак ж‑а дарылык нефть (Нафталан) кендери бар. Өлкө негизинен субтропиктик алкакта жайгашып, мелүүндөн субтропикке өтмө климат өкүм сүрөт. Жылдык орточо темп‑расы 14,5°Сден (түздүктөрдө) 0°Сге чейин (тоолордо) өзгөрөт. Ян­вардын орт. темп‑расы түздүктөрүндө 0°...–3°С; тоолуу аймактарында –3...–6°Сге, бийик тооло­рунда –10°Сге чейин. Абс. мин. –30°С (Нахиче ван ойдуңунда, бийик тоолордо). Июлдун орт. темп‑расы ойдуңдарда 25–27°С, бийик тоолордо 5°Сден төмөн. Абс. максимуму 40–43°Сге чейин. Жылдык жаан‑чачыны ойдуңдарда 200–300 мм, тоо этектери м‑н жапыз тоолордо 300–900 мм, Ленкоран ойдуңунда 1200–1400 ммге (кээде 1700– 1800 ммге) жетет. Эң ири дарыялары – Кура

АЗЕРБАЙЖАН17.png

(мында Мингечаур ГЭСи ж‑а суу сактагычы бар) ж‑а Аракс. Ири көлдөрү: Гажикабул (аянты
15,5 км2), Беюкшор (10,3 км2). Кавказдагы эң кооз көл – Гөйкөл. Түзөң бөлүгүндө негизинен боз топурак үстөмдүк кылат; тоо капталдарына коңур ж‑а күрөң тоо‑токой, тоо‑шалбаа, Лен­коран ойдуңуна сары топурактар мүнөздүү. Кур­гак талая, жарым чөл (шыбак, бетеге, эфемер, бийик тоолуу субальп, альп), шалбаа өсүмдүк­төрү, тоолорунда жазы жалбырактуу токой (эмен, бук, граб ж. б.), Талыш тоолорунун этек­теринде каштан эмени, курма, катраңкы өсөт. А‑дын аймагында 14 корук бар; алардын ири­лери: Гөйкөл (1925‑жылдан иштейт), Кызыла­гач (Кура д‑нын чатында, куштар кыштап өтөт), Закатал (дагстан туру мекендейт), Ширван, Гир­кан (Талыш тоолорунун реликт токою) ж. б. Өлкөнүн экол. абалы жылдан жылга оорлошуу­да. Айлана‑чөйрөнү булгоочу негизги булак ­нефть казып алуу ж‑а ажыратуу, металлургия, хим. өнөр жайы, тоо кен комбинаты, о. эле кур­гакчылык (талаада), токой кыюу, Каспий де ңиз суусунун деңгээлинин көтөрүлүшү ж‑а нефть, нефть продуктулары м‑н булганышы табиятка терс таасирин тийгизүүдө.
Кура ж‑а Араке д‑нда фенол м‑н оор темирдин концентрасы өтө (ККЧ 15‑25 эсе) жогору.
Калкы. Өлкөнүн негизги калкы азербайжан­дар (91,6%), о. эле дагстандыктар, орус, армян, авар, лезгин, курд, татар, грузин ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Көп улуттуу өлкө болго­нуна карабастан кийинки кездери азербайжан­армян кагылышуусунун натыйжасында кошу­на Армениядан келген азербайжан‑качкында­рынын эсебинен азербайжандардын саны өстү. Көп улуттун өкүлдөрү (армян, орус) өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу башка жак­тарга көчүп кетишүүдө. Калкынын орт. жыш­тыгы: 1 км2 жерге 94,1 киши. Шаар калкы ­56%. Ислам динин тутат (62% мусулман‑шеит­тер, 26% мусулман‑сүнөттөр). Калкынын жа­шынын орт. узактыгы: эркектериники – 69,5, аялдарыныкы – 74,5 жаш. Ири шаарлары: Баку, Гянжа, Сумгаит, Мингечаур, Али‑Байрамлы, Нахичеван. Жерг. калктын (азербайжандар) көпчүлүгү Иранда (30 млн), Түркияда да (3 млн) жашайт.
Тарыхы. Азыркы А‑дын аймагында алгачкы адамдар палеолит доорунда жашашкан. Б. з. ч. 9‑к‑да пайда болгон Ман мамлекетинде чарба ж‑а мад‑ты бир кыйла дурус өнүгүп, узак уба­кыттарга дейре Ассириянын, Урартунун кол са­лууларына туруштук берип келген. Б. з. ч. 7‑к‑да түзүлгөн Мидия мамлекети падыша Киаксардын тушунда Байыркы Чыгыштагы зор империя­лардын бирине айланат да, Ман анын курамы­на кирип, негизги маданий борборго айланган. Б. з. ч. 6‑к‑дын ортосунда Мидияны Персия ба­сып алып, бийлик Ахемениддер династиясынын

Баку ш‑нын де ңиз жээги.

колуна өтөт. Жерг. калк аларга каршы бир нече жолу көтөрүлүш чыгарат. Ахеме­ниддерди Македонскийдин аскерлери талка­лагандан кийин (б. з. ч. 4‑к‑дын аягы), A‑да
мамлекеттүүлү калыбына келтирилет. Бул мамл.
түзүлүш Атропатена деп аталып, борбору Газак ш.
болгон. Анда дыйканчылык, мал чарбасы ж‑а кол
өнөрчүлүк жакшы өнүккөн. Кийинчерээк А‑дын ай магында ж‑а Түш. Дагстанда Албания мамле кети пайда болгон. 3–9‑к‑да өлкөгө Иран ж‑а Араб халифаты бийлик жүргүзүп, ислам дини киргизилген. Басып алуучуларга каршы жерг. эл көтөрүлүшкөн (мис., Бабектин көтөрүлүшү). Элдик кыймылдар Араб халифатынын бий­лигинин начарлашына алып келип, А‑дын ай магында 9–16‑к‑да Ширваншахтардын, Кара­Коюнлу, Ак‑Коюнлу аттуу мамлекеттери пайда болгон. Түрк урууларынын тарыхый узак мез­гилдер бою (7–11‑к.) А‑га келип отурукташып, ал жердеги калк м‑н аралашуусунун натыйжа сында байыркы жерг. тилдер колдонуудан чы­гып, түрк тилинде (11–13‑к.) сүйлөгөн А. эли калыптанган. 11–14‑к‑да өлкөнү монгол‑татар­лар Тимур, түрк‑селжуктары басып алып, бүлгүнгө учураткан. А‑дын тарыхында 16‑к‑дын башында түзүлгөн Сефевиддер мамлекети маа­нилүү роль ойноду. А. үчүн Иран ж‑а Түркия­нын ортосунда дайыма согуштук кагылышуу бо луп турган. 18‑к‑дын орто ченинде А‑дын айма гында Иранга көз каранды 15 феодалдык мам­лекет болгон. 1813–28‑ж. орус‑иран согушунун натыйжасында Түн. А. Россияга каратылган. Февраль рев‑ясынын кийин Бакуда кош бий лик түзүлөт: коомдук уюмдардын Аткаруу ко­митети (Убактылуу өкмөттүн жерг. органы) ж‑а жумушчу депутаттардын Совети (болыне­виктердин көзөмөлүндөгү). Убактылуу өкмөт ку­латылгандан кийин жумушчу депутаттардын Баку Совети A‑да Совет бийлигинин орнотул­гандыгын жарыялаган. Мусаватчылардын ку­ралдуу көтөрүлүшү басылган соң Баку эл ко­миссарлар Совети (Баку коммунасы) түзүлгөн. 31. 7. 1918‑ж. Бакуда бийлик Борб. Каспий өкмөтүнө өткөн. Сентябрда түрк ж‑а азербай­жан аскер бөлүктөрүнөн турган Кавказ ислам армиясы Борб. Каспий өкмөтүн кулатып,

АЗЕРБАЙЖАН

28. 5. 1918‑ж. түрктөрдүн колдоосуна таянган мусаватчылар борбору Гянжа болгон Азербайжан Демокр. Республикасын (АДР) жарыялаган. 1920‑ж. Париж (Версаль) конф‑ясында АДР‑дын көз каранды эместиги ж‑дө де‑факто тааньшат. Бирок Советтик Россия АДРдин легитимдүүлүгүн тааныгандан баш тарткан. 1920‑ж. апрелде англис аскерлери А‑дан чыгарылгандан кийин Бакуга Кызыл Армия кирген ж‑а Н. Нариманов жетектеген Азербайжан ССРи түзүлгөн.13. 12. 1922‑ж. А., Грузия ж‑а Армения Закавказье Советтик Федерация Социалисттик Рес‑на бириккен ж‑а 30. 12. 1922‑ж. СССРдин курамына кирген. 1936–91‑ж. А. союздук респ. катары СССРдин курамында болгон. 1991‑ж. августта А. көз каранды эмес респ. катары жарыяланган. Ошол эле жылы А. А. Муталибов А‑дын президенти болуп шайланган. 1991‑ж. оппозиция тарабынан ал бийликтен четтетилип, анын ордуна А. Эльчибей шайлоодо жеңишке жетишкен. 1991‑жылдан Тоолуу Карабахтагы армян‑азербайжан ортосундагы чыр‑чатактардын күчөгөнүнө байланыштуу өлкөдө бир топ татаал кырдаал түзүлүп, Эльчибейдин саясаты өлкөнү саясий ж‑а экон. кризиске алып келген. 1993‑ж. июнь айында ал Бакудан качып кеткен ж‑а мунун натыйжасында президент бийликтен четтетилген. 1993‑ж. Г. Алиев президенттикке шайланган. Анын тушунда саясий ж‑а экон. кырдаал бир топ жакшырып, Россия, Түркия ж‑а батыш өлкөлөрү м‑н байланыштар чыңдалган.

2003‑ж. 15‑октябрда президенттик шайлоодо жеңишке Г. Алиевдин уулу Ильхам Алиев ээ болуп, ал 79,46% добуш алган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок. Эртеси күнү президенттикке талапкерлердин бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбардын үч миңден ашуун жактоочулары борб. аянтка чыгышкан. Окуя болгон жерге ички аскерлердин полку келип, алар м‑н кагылышып, натыйжада курмандыктар болгон. 2008‑ж. И. Алиев экинчи, 2013‑ж. үчүнчү жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. И. Алиевдин тушунда өлкөнүн экономикасы 2,6 эсеге, өнөр жай өндүрүшү 2,5 эсеге өсүп, 770 миңге жакын жаңы жумуш орундары пайда болду, жакырчылыктын деңгээли 49дан 13,2% га чейин төмөндөдү, бюджеттин чыгымдары 12 эседен ашык көбөйдү. 2006–07‑ж. Каспий мунайын Жер Ортолук деңизиндеги Түркиянын Жейхан портуна ж‑а Түш. Кавказ газ түтүгүнө (Баку‑Тбилиси‑Эрзурум) ташуу үчүн Баку‑Тбилиси‑Жейхан мунай кууру ишке киргизилди.

2017‑жылдын 30‑октябрында Баку‑Тбилиси‑Карс (БТК) темир жол линиясынын расмий ачылыш аземи болуп, ага И. Алиев, Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдоган ж‑а Грузиянын премьер‑министри Г. Квирикашвили катышты. Бакуда өткөрүлгөн спорттук мелдештер: күрөш б‑ча дүйнөлүк чемпионат (2007), бокс (2011), о. эле Евровидение ыр сынагы (2012), биринчи жолу болуп өткөн Европа оюндары (2015) ж. б. өлкөнүн эл аралык кадыр‑баркын көтөрүүгө багытталган. А‑дын тышкы саясатында Тоолуу Карабак негизги маселелерден. 2008‑ж. ноябрда Түш. Кавказдагы кырдаалды жакшыртуу боюнча А., Армения ж‑а Россиянын Президенттери биргелешкен декларацияга кол коюшкан. Бирок 2020‑ж‑дын 27‑сентябрында Тоолуу Карабакта куралдуу кагылышуулар болуп, ал ошол эле жылдын 10‑ноябрына чейин уланган. А‑дын Президенти, Армениянын Премьер‑министри ж‑а Россиянын Президенти 10‑ноябрдан тартып ок атышууну токтотуу ж‑дө декларацияга кол коюшуп, биргелешип иш алып барышты. Согуш учурунда 5 шаар (Жебраил, Физули, Зангилан, Губадли, Шуша), 4 кыштак ж‑а 240 айыл А. армиясынын көзөмөлүнө өткөн.
Экономикасы. А. – агрардык‑индустриалуу өлкө. Ички дүң продукциясында (ИДПде) өнөр жайынын үлүшү 38%, айыл ж‑а балык чарбаларыныкы 13%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49% (2003). ИДПнин көлөмү 98,8 млрд долларды (АКШ, 2012) түзгөн, аны киши башына бөлүштүргөндө 7399 доллардан туура келген. Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть казып алуу ж‑а иштетүү (өнөр жай продукциясынын 25%тен ашыгын берет). Нефть өнөр жайында башкы нефть казып алуучу компаниялар – А. мамл. нефть компаниясы (ГНАКР) ж‑а Эл аралык компания (АМОК). Негизинен Баку ш‑нын аймагынан, Каспий деңизинин жээгинен, деңиздин өзүнөн казып алынат. Кургактыкта 34, шельфте 17 кен иштетилет. 2003‑ж. 15,4 млн т нефть казылып алынып, 9,1 млн тсы экспорттолгон; 5,1 млрд м3

Каспий денизиндеги нефть платформасы.

газ (ири кени Шах‑Деңиз) өндүрүлгөн. Нефть Россияньш (мурдагы Баку – Новороссийск нефть кууру реконструкцияланган) ж‑а Грузиянын (Супса) аймагы аркылуу Түркияга (Жейхан) жеткирилмекчи. 2003‑ж. 21,3 млрд кВт‑с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 88% жылуу­лук станцияларына (мазут, газ м‑н иштейт; ири станциялары: Мингечаур, Али‑Байрамлы) ж‑а 13% ГЭСке (Шамхор, Мингечаур –- Кура д‑нда) туура келет. Нефть ж‑а газдын базасын­да хим. өнөр жайы өнүккөн (полиэтилен, про пилен, спирт, каустикалык сода, полиэфир ж. б. чыгарат). Машина куруу өнөр жайы нефть­газ ж‑а нефть‑хим. тармактары (стационардык ж‑а калкыма бургу платформалары) үчүн жаб­дууларды даярдоого адистешкен. Электр‑тех., прибор (чакан трансформаторлор, кабель про­дукциялары, муздаткыч) ж‑а кеме куруу ишка­налары иштейт; ири борборлору: Баку, Сумгаит, Мингечаур, Гянжа. Кара металлургиянын не гизги ишканалары: Азербайжан тоокен комби наты (Дашкесан), Даш‑Салах ишканасы (бен тонит), Баку болот куюу ж‑а болот арматура­сын чыгаруучу з‑ддор; түстүү металлургиянын негизги тармагы – алюминий өнөр жайы (Гян­жадагы глинозём, Сумгаиттеги алюминий ж. б.). Жеңил өнөр жайынын негизги тармактары пах та тазалоо (Агдаш, Барда, Сабирабад, Али‑Бай­рамалы ж. б.), накта жибек (Шеки, Ордубад, Ханкенди), кебез‑кездеме, килем токуу (Шуша, Шемаха, Казах ж. б.). Тамак‑аш өнөр жайы­нан ун, май‑сыр ж‑а консерва даярдоочу тармак­тарынан сырткары мөмө‑жемишти кайра иш­тетүү (Баку, Шамкир, Гянжа, Ханлар, Акста-

Акча бирдиги – манат

фа), шарап жасоо, балык (мекре икрасы), о. эле чай (Ленкоран, Астара, Масалды) ж‑а тамеки өндүрүштөрү (Евлах, Белоканы) өнүккөн. Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын 80% ке жа­кыны Апшерон экон. районунда (Баку, Сумга­итте) өндүрүлөт. Айыл чарба продуктусунун 97% и фермер ж‑а жеке чарбаларда өндүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жери 4,8 млн га (өлкөнүн аймагынын 55% и), анын 1,8 млн гасы айдоо жер, 2,7 млн гадан ашыгы жайыт ж‑а чабынды. Дан эгиндери (буудай, арпа, жүгөрү), айрым жерлеринде – шалы ж‑а тех. өсүмдүктөр (пахта – Кура‑Аракс өрөөнүндө, тамеки – неги зинен өлкөнүн түндүгүнөн, чай – Каспий деңи­зинин жээгинде ж‑а Ленкоран ойдуңунда; күн карама ж. б.), жашылча‑жемиш, картөшкө ай­далат. Куба‑Хачмас р‑нунда Апшерон ж. а., Ленкоран ж‑а Кура‑Аракс ойдундарында багбан­чылык (алма, ал му рут, айва, өрүк, алча, шаб­даалы, фундук, жаңгак ж.б.), жашылчачылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Нахичеван Автономия Респ., Тоолуу Карабах тарыхый облусу субтро пик өсүмдүктөрүн өстүрүүгө (анар, анжир, ба­дам, курма) адистештирилген. Тоолуу аймакта­рында кой чарбасы, тоо этектеринде аары чар­басы, Кура‑Аракс өрөөнүндө, Чоң Кавказда жи­бекчилик өнүккөн. Уй,. буйвол, жылкы асыралат.
Үй кушу багылат. Транспорттун негизги түрү автомобиль транс порту. Автомобиль жолунун уз. 59,1 миң км (анын 1/2 бөлүгү асфальтталган; 2004), темир жолунуку 2,9 миң км (2009). Негизги темир­жол түйүндөрү: Баку, Балажары, Алят, Гян жа, Нахичеван. Башкы порту – Баку (жүктүн көбү Каспий деңизи аркылуу Түркмөнстан м‑н Иранга жөнөтүлөт), темир жол парому аркы луу Каспий деңизинин чыгыш жээги (Түркмөн­башы, Актау, Бекдаш) м‑н байланышат. Кура д‑нда кеме жүрөт. Аба транспорту да жакшы өнүккөн. Эл аралык Бина (Бакудан 25 км) ж‑а Нахичеван аэропорттору бар. Нефть куурунун уз. 1415 км (Баку – Батуми, Али – Байрамлы­Баку), газ куурунуку 2896 км (Карадаг – Сумгаит, Али‑Байрамлы Карадаг). Курортто­ру: Истису, Нафталан, Апшерон курорттор тобу ж. б. Сыртка нефть ж‑а нефть продукциясы, түс түү металл, пахта, азык‑түлүк чыгарып, сырт­тан машина ж‑а машина жабдууларын, өнөр жай сырьёлорун ж.б. алат. Негизги сырткы соода шериктери: КМШ, Европа шериктеш өлкөлөрү, Түркия, Иран.
Маданияты. A‑да алгачкы мектептер 5‑к‑да пайда болгон. 7‑к‑да араб мектептери, 10­11‑к‑да медреселер түзүлгөн. Бүгүнкү күндө А‑дын билим берүү системасы 1992‑жылкы би лим берүү мыйзамы (1994, 95, 97, 99‑ж. редак­цияланган) б‑ча жүзөгө ашууда. Респ‑да 1777 мектепке чейинки мекемелер (балабакча), 4554 жалпы билим берүүчү мектептер, 110 кесиптик­тех. окуу жайлар ж‑а лицейлер, 68 кесиптик орто окуу жайлар, 405 мектептен тышкары мекеме лер ж‑а 57 (а. и. 32 мамл., 24 министрликке караштуу) ЖОЖ бар (2004). A‑да билим берүү акысыз ж‑а контракт жолу м‑н жүргүзүлөт. Бардык билим берүү тармактарына бирдей мамл. стандарт кабыл алынган. Өлкөнүн ири ЖОЖнун өзөгүн Баку мамл. ун‑ти (1919‑ж. не­гизделген), А. мед. ун‑ти (1930) ж. б., Баку, Сумгаит, Ленкоран, Гянжа, Нахичеван ш‑нда­гы ун‑ттер, 10 академия түзөт. Мамл. эмес ЖОЖ: «Азербайжан», «Азия», «Хазар», «Тефеккюр», «Одлар», «Юрду» ж‑а Азербайжан эл аралык ун‑ти ж. б. М. Ф. Ахундов атн. мамл. китепкана (1923), АИАга борб. китепканасы, АИА караш туу тарых, Р. Мустафаев атн. иск‑во ж‑а Низа ми атн. А. көркөм ад‑т музейлери бар.
A‑да басма сөз 19‑к‑дын 30‑ж‑нда башталган. Азыркы учурда 600дөй коомдук‑саясий гезит, журналдар азербайжан («Республика», «Халг гезити», «Ачыг Сёз», «Шарг»), орус («Бакинский рабочий», «Эхо», «Зеркало», «Содружество») ж‑а англис тилдеринде «Каспиан бизнес ньюс», «Азери тайме», «Баку сан» чыгат (2004). Ири маалымат агентчиликтери («Туран», «Тренд», «Медиа‑пресс»), мамл. телекөрсөтүү («Аз‑Ти­Ви»), мамл. радиоуктуруу («Республика», «Араз») ж‑а көз каранды эмес телерадиокомпа­ниялар (ириси – АНС) иштейт.
А‑дын ад‑ты байыркы бай ад‑ттын бири. Анда миңдеген жылдар бою айтылып келе жаткан эмгек, өз ара мамилелер, үрп‑адат ж‑дөгү ырлар, макал‑лакаптар, сатиралык аңгемелер элдин ой­тилектерин чагылдырат. А. элинин элдик оозе­ки поэтикалык чыгармаларынын үлгүлөрү түрк элдеринин байыркы ири адабий эстелиги ­Махмуд Кашгаринин «Диван‑и‑лугат‑ат‑түрк» деген сөздүгүндө кездешет. Жазма ад‑ты Жа­кынкы Чыгыштын таасиринде 7‑11‑к‑да араб тилинде, 10‑13‑к‑да фарсы тилинде өнүккөн. 10­11‑к‑да араб тилинде жазган белгилүү Багдад акындары – Абу‑ль‑Ала Гянжеви (акындардын «паашасы» титулунун ээси), Хагани, Фелеки Ширванинин улуту азербайжан болгон. Алар дын эң көрүнүктүүсү акын‑гуманист Низами Гянжевинин чыгармалары м‑н Жакынкы ж‑а Ортоңку Чыгыштын акындары таасирлениш­кен. A‑да улуттук тилде жазуу 13‑14‑к‑да пай да болуп, «Гасаноглы» казалы ж‑а «Китаби Деде Коркуд» эпикалык чыгармасы азербайжан ти линде жазылган. Несиминин лирикасы А. ти­линдеги чоң диван‑жыйнактарына кирген. Ал эми поэзиянын өнүгүшү Физулинин ысымы м‑н байланыштуу. Анын казалдары ж‑а лири ка- эпикалык «Лейли‑Межнун» поэмасы (1537) А‑дын адабий тилинин калыптанышында чоң роль ойногон. А. элинин баатырдык‑романти­калык поэмалары м‑н дастандары («Көроглы», «Ашик Гариб», «Асли ж‑а Керем» ж. б.) жарык көргөн. 18‑к‑дын акындарынын чыгармаларын­да (Видади, Нишата Ширвани, Ага Масиха Ширвани, өзгөчө Карабах хандыгынын мамл. ишмери ж‑а акыны Вагиф) ырдын формасы ж‑а тили жөнөкөйлөшүп, 19‑к‑да классикалык поэзия өнүгө баштайт. Ага А. Бакихановдун про­засы, Закирдин социал. сатирасы жол ачкан. А. драматургиясына негиз салуучу М. Ф. Ахун дов биринчилерден болуп азербайжан ад‑тын орус ад‑ты м‑н байланыштырган. Анын «Ал­данган жылдыздар» (1857) ж‑а өз учурундагы коомдун кулк‑мүнөзүн чагылдырган 6 пьесасы
А. ад‑тынын өнүгүшүнө зор салым кошкон.
к‑дагы улуттук коомдук аң‑сезимдин өсүшү ад‑тта өзгөчө орунду ээледи. Улуттук тилде мектептер ачылып, гезит, журналдар («Шарки­Рус», «Хаят» гезиттери; «Молла Насреддин», «Фиюзат» ж. б.) жарык көрө баштады. 1920­80‑ж. А. ад‑ты көп кырдуулугу м‑н айырмала­нат. Айрыкча Мюшфиканын, С. Вургунанын, Р. Рзанын, Б. Вагабзаденин, Наби Хазринин (Бабаева) ж‑а Мамед Аризанын поэзиясы жо горку чеберчиликте берилип, орус классикасы­нын котормолору А. тилинде жарык көргөн.
к‑дын башында А. элинин руханий байлыгы болгон ад‑ты толугу м‑н калыбына келти­рилип, мурда жарык көрбөгөн акындардын, прозаиктердин Ахмед Жавад, И. Алмасзаде, Алибек Гусейнзаде, У. Банин ж. б‑дын чыгар малары басылууда ж‑а А. ад‑тынын тарыхы кайрадан каралып чыгууда.
А‑дын аймагында көптөгөн байыркы арх‑ра ж‑а сүрөт иск‑восунун эстеликтери сакталган. Өлкөнүн аймагында байыркы тарыхый эсте­ликтердин өзөгүн б.з.ч. 8‑5 миң жылдыкка таандык (Кобустан) аска бетиндеги сүрөттөрү, менгирлер (мегалит курулмалардын жөнөкөй түрлөрү), дольмендер (мегалит көрүстөндөрү), кромлехилер, зооморфтуу карапа идипггер, таш­тан, чоподон жасалган эстеликтер ж‑а энеолит доорунун колодон жасалган жасалгалары түзөт. Кичи Кавказдын этегинде Нахичеван Автоно мия Респ‑нын аймагында б.з.ч. 1 миң жылдык­тын эбегейсиз зор курулмаларынын калдыкта­ры сакталган. Б.з.ч. 5‑4‑к‑дагы А. тарыхый эс теликтери Ахеменид мамлекетинин мад‑тына түспөлдөш болуп, б.з.ч. 4‑к‑дын аягында Атро­патен мад‑тына баш баккан. Буга 5‑7‑к‑дагы

Байыркы зодчийликтин бермети Шекин хандыгынын ак сарай

тарыхый эстеликтер (Чирах‑Кала сепили; Кум, Ленит, Мингечаурдагы христиан храмдары), скульптуралар күбө. А‑дын о. кылымдын ба­шындагы мад‑ты Албаниянын, Армениянын ж‑а Грузиянын мад‑тына байланышы бар экен­дигин айгинелейт. A‑да 7‑8‑к‑да ислам динин кабыл алышы м‑н ар түрдүү мусулман мад‑ты­нын курулмалары (мечит, медресе, күмбөз ж. б.) жаралган. 9‑к‑дын 2‑жарымында 10‑к‑дын башында араб халифатынын кулашы көптөгөн майда мамлекеттердин борборлорунда ислам арх‑расынын орнаментинин ж‑а каллиграфия­сынын жеке менчик мектептеринин (12‑13‑к.) пайда болушуна алып келген. Буга Бакудагы Кыздар мунарасы (Кыз калаасы, 12‑к.), Жуга­дагы ж‑а Нахичеван күмбөздөрү, Мардакян, Нардаран, Пирсагат суусунун боюнда, Ханеги­деги сепилдер (14‑16‑к.), мавзолейлер, монумент кескилеринин үлгүлөрү, Байлакандын ж‑а Гян­жинин керамика жазуулары ж. б. күбө. 19‑к‑дын
жарымында А. мад‑ты орус ж‑а батыш Европа мамлекетинин мад‑тынан таасирленип, арх‑рада классицизм, 19‑20‑к‑дан эклектика ж‑а мо дерн стилдери үстөмдүк кылган. 1923‑ж. 1‑жолу Баку ш‑нын генпланы бекитилип, эски шаар­дын түзүлүшү өзгөрүүгө дуушарланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин улуттук стилде үйлөрдү жасалгалоодо (арх. JI. В. Руднер,
В. О. Мунц ж. б.) жерг. курулуш материалда­рын колдонушкан. 1960‑ж. индустриалдык ку рулуш күч алып, жаңы типтеги коомдук куру­луштар (стадион, цирк, дүрдүйнө дүкөндөрү ж. б.) пайда болгон. А‑дын сүрөт өнөрү
(М. К. Эривани, М. М. Навваб, У. Г. Карабаги, А. А. Азим­заде, Б. Ш. Кенгерли) реалдуу багьггта өнүгө баш­таган. 1920‑30‑ж. сүрөтчүлөр (С. А. Саламзаде, К. Ханларов, Г. А. Халыков, Ш. Мангасаров) француз сүрөтчүлөрүнөн үлгү алышкан. 1930­жылдын жарымынан сүрөт иск‑восу социал.-ре­ализм багытында (М. Абдуллаев, Н. Касумов, П. В. Сабсай, Д. М. Карягды) өнүгө баштаган.

Баку метросу. Стан­циянын архитек­турасы модерн жана улуттук салткашайкеш жасалган.

1970‑ж. аягынан
сүрөтчүлөр символ м‑н метафоралар­ды кеңири колдо­нушкан. Азыркы учурда (20‑21‑к.) сүрөтчүлөр жеке
көргөзмөлөрүн уюштуруп, сүрөт коомдорун (Ба­кудагы иск‑во борб.; У. Ахвердиев, Э. Алимирзо­ев ж. б.) түзүүдө. А‑дын сүрөт иск‑восуна А. Жа­фаров, Т. Нариманбеков, С. Бах л ул заде, А. Рза­кулиев көрүнүктүү салымдарын кошкон.
А. элдик музыкасы эмгек, элдик салтанат, ди­ний үрп‑адат, каада‑салт м‑н тыгыз байланыш туу. Байыркы музыкасы Кобулстандагы аска бетиндеги сүрөттөрдөн (музыканттар м‑н бий­чилердин сүрөтүнөн) көрүнүп турат. Улуттук му зыка формасы ж‑а жанрынын ар түрдүүлүгү м‑н айырмаланган фольклордун негизинде өнүккөн. Муз. аспаптары – саз, канон, уд, кеманча, түтек, баламан, нагара, гоша‑нагара, дэф ж. б. А‑дын оозеки профессионалдык иск‑восун ашугдар не­гиздеген. Алар лирикалык ырларды ж‑а дастан­дарды жаратышып, элге жайылтышкан. Ашуг­дардын (Гурбан, 16‑к.; Гариб, Диварганлы Аб бас, Валех, 17‑18‑к.; Алескер, Нажаф‑кули, Аб­бас‑кули, Молла‑Жума, 19‑к.) ырлары саз ас­пабы м‑н коштолсо, мугамдар (Г. Гуси, Саттар, Жаббар Карягды, Шекили Алескер, Сеид Шу­шинский, Бюль‑Бюль, Зульфи Адигезалов, Хан Шушинский, А. Гасымов) вокалдык аспаптар­да чеберчилик м‑н ойногон. 19‑к‑дын аягында ансамбль түзүлүп, алгачкы концерттеринде ашуг м‑н мугамдардын ырчы, бийчилери өнөрлөрүн көрсө­түшкөн. Ал улут тук операнын жа­ралышына өбөлгө түзгөн. Физули­нин чыгармасы

Мирза Кадым Эрива­ни. «Жаш жигиттин портрети». 19‑к‑дын ортосу. Баку. Азер байжан искусство музейи.

б‑ча «Межнун Лейлинин бейит башында» ат туу алгачкы опера (1908) коюлгаи. 20‑к‑дын ба шында композиторлор мектеби уюшулган. Улуттук музыканын башаты У. Гажибеков («Лейли ж‑а Межнун», 1908, алгачкы мугам опе­расы) м‑н М. Магомаевден башталып, алар муз. окуу жайларын (Баку консерваториясы, 1921) ачылышына зор салым кошкон. Музы ка дүйнөсүнө жаңы муундар – Л. Зейналлы, Ж. Гажиев, К. Караев, А. Бадалбейли, Ф. Ами ров, С. Гажибеков, Р. Гажиев, Т. Кулиев, А. Ме ликов, А. Ализаде, Ниязи ж. б. келип кошулду. Өзгөчө ийгиликтерге музыканттар К. Караев, Р. Бейбутов, Л. Иманов, 3. Ханларова, А. Аске ров (либретто жазган); М. Р. Беннер, Г. Г. Ша­роев, К. Сафар‑Алиева, Р. Атакишиев, Э. На зирова, В. Мустафазаде (пианисттер) ж. б. же­тишкен.
А‑дын бий өнөрү байыркы улуттук диний үрп­адаттар м‑н (аңчылык, от, балык улоого ж. б.) байланыштуу. Өзгөчө белгилүү бийлери «тара­кема», «гытгылыда», «иннаби», «жейран‑бала»,

У. Гаджибеков. «Аршин мал алан». Азер байжан театры

«ялла». 1938‑ж. бий коллективи уюшулган. 1940‑ж. алгачкы улуттук балет «Кыздар муна­расы» (А. Бадалбейли) коюлган. 1923‑ж. Баку да балет студиясы уюшулуп, 1933‑ж. балет мек теби, 1936‑ж. Баку хореогр. окуу жайы ачыл­ган. 1982‑жылдан Бакуда камералык балет иштөөдө. Балет өнөрүнө орчундуу салым кош­кондор – Г. Алмасзаде, Л. Векилова, М. Маме дов, Р. Ахундова, Т. Ширалиева ж. б.
А‑дын театр иск‑восу байыркы элдик бий, оюн‑зооктордон башталып, «Саячы», «Юглама», «Коса‑Коса», «Гаравелли» аттуу улуттук драма­лар коюлган. «Шах Селим», «Марат юну», «Ка­ракөз», «Кечал пехлеван» элдик оюндардын не­гизинде куурчак театры жаралган. О. кылым-

«Насими» фильми. Реж. Г. Сейдбейли (Насими – Р. Ба лаев). 1974.

да диний театр («Шабих») таралган. Улуттук тилде спектаклдер Тифлисте (1873), Кубеде (1875), Шекиде (1879), Эриваниде (1882), Шуш­та (1883) ж‑а Нахичеванда (1883) коюла башта ган. 20‑к‑дын башында A‑да мусулман артист­теринин «Гамийет» труппасы м‑н «Нижат» ж‑а «Сафа» агартуу коомдорунун астында театр бө­лүмдөрү иштеген. 1923‑47‑ж. Бакуда М. Ф. Ахун дов атн. театр мектеби иштеп, 1945‑ж. анын не­гизинде А. театр ин‑тту (учурда мамл. иск‑во ж‑а мад‑т ин‑ту) ачылган. 21‑к‑дын башынан Бакуда музыкалуу комедия (орус ж‑а А. труп­палары) куурчак ж‑а жаштар театры, панто мима театрлары, о. эле «Йуг» театры иштейт. Театр иск‑восунун өнүгүшүнө Г. Араблинский, Ж. Зейналов, М. Мамедов, М. Алвенди, И. Ис­фаганлы, М. Аббасов ж. б. көрүнүктүү салым кошкон.
A‑да алгачкы көркөм фильм 1916‑ж. (Г. Араб­линскийдин катышуусунда «Нефть ж‑а мил­лиондор дүйнөсүндө»), андан соң 1917‑ж. У. Га­жибековдун «Аршин мал алан» опереттасынын негизинде улуттук алгачкы кинокомедия (Ба куда) тартылган. 1923‑ж. фотокино башкарма­сы (учурда «Азербайжанфильм») уюшулуп, ан­да режиссёрлор м‑н актёрлор (Ж. Жабарлы, А. Кулиев, С. Марданов, С. Гажиева, А. Герайбей­ли, А. Мамедова, Кязим Зия ж. б.) даярдалган. Алгач үндүү фильм 1936‑жылдан баштан тар­тыла баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш учу­рунда Кулиевдин «Мекендин уулу» (1941), «Бахтиар» (1942) аттуу фильмдери тартылган.
54‑ж. аралыгында кино өндүрүшү токтоп калган, 1947‑ж. Е. Л. Жигандын «Фаталихан» фильми тартыла баштап, ал 1959‑ж. бүткөн.
60‑ж‑дын 2‑жарымында А. киносу жан­дана баштап, Г. Сеид заде, Т. Таги заде, Т. Сейд бейли, А. Ибрагимов ж. б. режиссёрлордун ки­нофильмдери тартылган. Акыркы мезгилде Г. Мехтиевдин «Бөтөн бирөөнүн убактысы» (1997), Р. Пуйинин «Кыйраган көпүрө» (1997), Я. Рзаевдин «Сары кийимчен колукту» (1999), Ожагованын «Отелдеги бөлмө» (1999), Р. Ибра гимбеков ж‑а Р. Мирзоевдин «Үй‑бүлө» аттуу фильмдери тартылды.
Цирк өнөрү алгач көчө майрамдарында кою­луп, аркан баскычтар, жылан арбагычтар, мас­карапоздор, көз боёочулар, палвандар өнөр көрсөтүшкөн. Цирк өнөрүн биртууган Никитин­дер 1904‑ж. негиздешкен. 1945‑ж. цирк коллек тиви түзүлүп, А‑дын белгилүү композиторлору, акындары, балетмейстрлери кошо иш алып ба­рышкан. 1967‑ж. Бакуда цирк (Европадагы эң ири, 2400 орундуу) курулган.
Ад.: Будагов Б. А. Современные естественные ландшафты Азербайджанской ССР. Баку, 1988; он же. Проблемы окружающей среды Азербайджана. Баку, 1991 (на рус. и азерб. яз); Алиев И. Г. Очерк истории Атропатены. Баку, 1989; Буниятов 3. М. Азербайджан в VI‑IX вв. Баку. 1989; Бакыханов А. Гюлистан и Иран. Баку, 1991; Экономическая и социальная география стран ближнего зарубежья. М., 2004. С. 255‑286; Бадалов Р. В контексте по‑истории // Территория кино; Постсоветское десятилетие. М., 2001.

Ө.	Бараталиев, Б. Үсөнканов, А. Орозов.