Difference between revisions of "«АЗАТТЫК» радиосу"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – эл аралык көз карандысыз ра диостанция; «Эркин Европа/Азаттык» радиосу нун (Radio Free Europe/Radio Libtrty Inc) Кыр
«АЗАТТЫК»15.png

гыз уктуруу кызматынын расмий аталышы. Че­хиянын борбору Прагада жайгашкан. 1949‑ж. мурдагы коммунисттик Чыгыш Европада жа­шаган калктар үчүн «Эркин Европа» радиосу түзүлгөн. 1953‑жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн «А.» радиосу ачылган. Бул эки компания 1975‑ж. бириккен. «Эркин Евро па/Азаттык» радиосу учурда дүйнөгө 26 тилде­ги берүүлөрдү уктурат. Ал АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. «Азаттыктын» «Түрк­стан редакциясынын» курамындагы кыргызча берүүлөрдү биринчи жолу Азамат Алтай (Ку­дайберген Кожомбердиев) даярдаган. Ал өзүнүн туңгуч берүүсүн 1953‑ж. 18‑мартта Германиянын
Мюнхен ш‑нда обого чыгарган.
1967‑ж. «Түркстан редакциясы» эки­ге бөлүнүп, анын бирөө «Түштүк Түркстан» деп ата лып, өзбек, та­жик, түркмөн тилдеринде, экин­
чиси «Түндүк Түркстан» редакциясы болуп, ал кабарларды кыргыз, казак, уйгур тилдеринде уктурган. 1975‑ж. аталган редакциялар өз­өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы «Азаттык») Т. Жакып уулу (1975‑84), А. Алтай (1984‑88), А. Өзгөн (1989‑95), М. Газы (1995) ж‑а амер. түрколог, доктор Чарльз Карлсон (1996‑2002), кийин Н. Айып башкарып келсе, 2003‑жылдын 1‑январынан тарых илимд. док тору, проф. Т. Чоротегин жетектейт. «А‑тын» Бишкектеги бюросун Т. Чоротегин (1991‑95 ж‑а 1996‑98), Э. Нурушев (1995), С. Жигитов (1995‑96), К. Молдокасымов (1998‑2005), учур да К. Оторбаев жетектейт. Мурда Кырг‑ндагы бөлүмү катары КРдин Юстиция министрлиги­нен каттоодон өтпөй иштеп келсе, 2005‑жыл­дын 31‑мартында юрид. жактан катталган. Анын Кырг‑нда кырктан ашуун кабарчысы бар. Ар күнкү беш сааттык, б.а. эртең мененки эки сааттык ж‑а кечки үч сааттык берүүсүндө дүй­нөдөгү ж‑а Кырг‑ндагы кызыктуу адабий жа­ңылыктарга, коомдук‑саясий окуяларга арнал­ган программалары уктурулат. О. эле Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясы (КТР) м‑н тү зүлгөн келишимдин негизинде 2005‑жылдан «Ыңгайсыз суроолор», 2006‑жылдан жаштарга арналган «Азаттык Плюс» жумалык телекөрсө­түүлөрүн тартуулайт.

Т. Чоротегин, Т. Ишемкулов.