Difference between revisions of "АЖЫРЫК"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
|
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(Cynodon dactylon) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Манжа сымал А. сабак тамырлуу өсүмдүк, сабагынын бийикт.
40‑80 см, түп жагы жерге төшөлүп өсүп жалбырак‑бутактуу. Тамыр сабагы абдан узун, бутактуу, ка туу. Жалбырагы узун, ичке, катуу, бозомук. Топ гүлү – татаал машакча (3‑8 машакчадан турат). Машакчасы 1‑2 гүлдүү. Июнь- сентябрда гүлдөп, уруктанат. Данынын чоңдугу 1,5 ммдей, түк-
сүз, коңуркүрөң. Тропик, субтропикте, Түш. Африка, Австралияда 10 түрү, Кырг‑нда бир гана түрү – манжа сымал А. өсөт. Аны мал жакшы жейт. Ал пахта, жашылча, шалы, бакча өсүмдүктөрүнө өтө зыяндуу отоо чөп; стадион аянтчалары дың ж‑а жашыл болушу үчүн өстүрүлөт. У ругу көбүнчө анын жапайы өскөн жерлеринен жыйналып алынат. Көчүрүп отургузса, тамырсабагы аркылуу да жакшы көбөйөт.