Difference between revisions of "АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Чүй обл‑нун Ысык­Ата р‑нунда, Ивановка айылынын 28 км түш­түктө, Кыргыз Ала‑Тоосунун түн. этегинде, де ңиз деңг. 1079‑1200 м бийиктикте. 1969‑ж. та­былып, 1973- ж‑а 1987‑ж. геол. чалгындоо иш­тери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен айма­гын антропоген мезгилинде пайда болгон бор­поң тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары про­лювий‑аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум‑шагылдын үстүндө жатат. Катмардын уз. бир нече кжге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Сар­гыч боз түстө. Арасында бирин‑серин гипс кези­гет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%;	0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%;

0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүү­лүгү 18%. Чоподон Ивановка курулуш мате­риалдар комбинаты «75», «100» маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы б‑ча 815 миң м3, Cj‑1687 миң м3, B+Cj‑2502 миң м3. 1996‑ж. карата калган запасы В категориясы б‑ча 354 миң м3,C1–1671 миң м3, В+С –
2025 миң м3.