Difference between revisions of "АЖЫБЕК датка"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 Алчикен уулу, Ажыбек датка (болжол м‑н 1770–80, Талас өрөөнү – болжол м‑н 1840, ошол эле жерде) – Талас өрөөнүнүн башкаруучусу, датка. Саруу уруусунун алак­чын уругунан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр, эл башкарган адам болгон. А. азыркы Кара‑Буу­ра р‑ндагы Бакайыр, Үч‑Коргон (ошол мезгилде 2 коргонун А. датка уулу Нурак м‑н 1820‑ж. Олуя‑Атадан 18 км аралыкта курдурган, дагы бирин Эшенжан кожо салдырган) аймактарын жердеген. Жубайы кушчу уруусунун бийи ­Кубат бийдин карындашы Аксуусардан эки уул, бир кыздуу (Кудаяр, Нурак ж‑а Акканыш) бол гон. Кокон хандыгынын өкүмдары Мадалы хан (1822–41) м‑н алакада болгон. 1838‑ж. 1‑июлда А‑ке датка даражасы ыйгарылган. Анын айы­лында Шераалы 35 жылдай жашырынып жа­шап келген. Мадали хан Шераалыны бир нече ирет Коконго чакырып, келтире албагандыктан, буга А‑ти күнөөлөп, 1839–40‑ж. А‑тин уулу Ку­даярды, кийинчерээк анын өзүн Олуя‑Атага ал­дырып келип өлтүрткөн. А‑тин уулу Нурак туугандары м‑н Чүйгө көчүп келип, бир жылдан кийин кайра Таласка кайтып барган (ал дагы кийинчерээк өлтүрүлгөн). Кокон ханы Кудаяр­дын жарнамасы б‑ча анын атынан Ташкенттин беглер беги Нармат парваначы тарабынан А‑тин небереси Нурактын уулу Кыдыраалы (1835­99‑ж. жашаган) 1849‑ж. 1‑декабрда атасынын ордуна бий ж‑а «туу сактагыч» болуп дайын­далган экен. Кыдыраалынын бул даражасы кийин 1858‑ж. Малла хандын жарнамасы м‑н ырасталган. Россия бийлеген доордо ал Алак­чын ж‑а Үч‑Коргон волостторуна (болуштугу) башчылыкка шайланат. А‑тин чөбөрөсү Эшен­кул ажы Кыдыраалы уулу (1863–1933‑ж. жа шаган) да волость башчысы болуп шайланган абройлуу адам болгон. А‑тин образы Масалбек Кадыралы уулунун «Ажыбек датка» дастанында чагылдырылган.	
Д. Сапаралиев.