Difference between revisions of "АДЫР-ТӨР МӨҢГҮСҮ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 – Сары‑Жаз кырка тоо­сунун түн. капталындагы татаал өрөөн тибин­деги мөңгү. Сары‑Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр‑Төр суусунун алабында, Муш кетов мөңгүсүнүн түш. тарабында жайгашкан. Уз. 6 км, аянты 11,0 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Абляциясынын аянты 4,2 км2. «Тили» 1943‑ж. өтө чегинип, ты­гыз абалда болгон. 1959‑ж. ал 540 жге алдыга жылып, Мушкетов мөңгүсү жаткан өрөөнгө чык­кан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Ти­линин» учунан фирн обл‑на чейинки бети төө ка­рын (морена) сымалданып тегиз эмес, жарака­лар арбын. Мөңгүдөн агып чыккан суу Адыр­Төргө сол жактан куят.