Difference between revisions of "АДРЕС"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (1 версия)
 
117-179>KadyrM
(Айырма жок)

16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы

 (фр. adresse – багыттоо) – 1) адамдын жашаган ж‑а мекеменин, ишкананын, уюмдун турган жери; 2)информатикада– ЭЭМдин эс облусун (регистр, уяча, бет ж. б.), анын сырткы түзүлүшүн же информ., эсептөө тармактарынын түйүндөрүн аныктоочу сан же символдук белгилөө; ЭЭМде маалыматтын жай­гашуу ордун аныктоочу код. А‑тин түрлөрү: чы­ныгы А. [уячалардын (блоктун, түзүлүштүн) но­муруна туура келген конкреттүү кодцор]; салыш тырма А. (өзгөчө тандалган айрым уячадан, көбүнчө анын буйруктары сакталган эстин уяча­ларынан баштап эсептелген эс уячаларынын номуру); символдук А. (программалоодо ыңгай­луулук үчүн колдонулган А‑тин шарттуу белги­лениши). А. машинада уячаларга туура келүүчү кайрылууну камсыз кылган башкаруучу сиг­налдар системасына дешифратор м‑н өзгөртү­лөт. Дешифраторго келгени аткаргыч А., ал эми ЭЭМдин эсинен алынуучу буйруктардын ку­рамындагысы баштапкы же жөн эле А. деп аталат.