Difference between revisions of "АДМИНИСТРАЦИЯ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
(лат. Administratio – башкаруу, жетекчилик) – ишканалардын, мекемелердин же уюмдардын, б. а. мамл. органдардын же коомдук уюмдардын башында туруп, күндөлүк башкаруу ишин алып баруучу жетекчилер. А.: 1) кеңири маанисинде – мамлекеттин иштерин жүзөгө ашыруучу органдардын, аткаруу бийлигинин жогорку жетекчилик органдарынын жыйындысы; 2) кызмат ордундагы адамдар, кандайдыр бир мекеменин, ишкананын жетектөөчү персоналдары; 3) бир катар президенттик респ‑ларда мамлекет башчысынын алдындагы министрлер кабинетинин аталышы. КРде мамл. масштабда ж‑а обл., райондук дең гээлде аткаруу иштерин жүзөгө ашыруучу мамл. бийлик органдары. Алардын милдеттери, укук тары респ. мыйзам актылары м‑н аныкталат.
К. А. Тостокова.