Difference between revisions of "АДАТ УКУГУ"
Jump to navigation
Jump to search
м (1 версия) |
117-179>KadyrM |
(Айырма жок)
| |
16:40, 11 Апрель (Чын куран) 2022 -деги абалы
– адаттагы адеп нормаларынын ж‑а жүрүш‑туруш эрежелеринин жыйындысы. Коомдун тарыхый өнүгүүсүнүн байыркы мезгилдеринде жаралып, коомдук ар кандай мамилелерди жөнгө салган жалпыга милдеттүү эрежелерине бириктирилип, бийликтин күч бирдигине айланган ж‑а элдин эс‑тутумунда сакталып келген, оозеки түрүндө муундан муунга өткөн укуктун тарыхый түрлөрүнүн бири. А. у‑нун түпкүрүндө байыркы уруучулук коомдо пайда болгон адат эрежелери жатат. Бара‑бара бул эрежелер уруу ж‑а аймактык тар чөйрөнүн чегинен чыгып, коомдук турмуштагы жалпылык мүнөзгө өткөн. Анын мындай даражага ээ болуусу жеке менчиктик ээлик укуктун ж‑а мамлекеттүүлүктүн пайда болушуна тушташ келет. Уруучулук мезгилде пайда болгон эрежелер мам лекет тарабынан таанылып, алар юрид. күчкө ээ болгон ж‑а алардын саясий‑социал. мүнөзү бекемделген. Башка элдердей эле кыр гыз элинин турмушунда да А. у. маанилүү роль ойногон. Кыргыз адаты кыргыздардын элдүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө ж‑а алар дын тарыхта жок болуп кетишине жол бербеген күчтөрдүн бири катары саналат. Совет доорунда кыргыздардын А. у‑на таптык мүнөздөмө берилип, бир беткей бааланып, анын жалпы адамзаттык нарк дөөлөтү, баалуу жактары айтылган эмес. А. у‑нун эрежелерин колдонууга Совет мезгилинин 1920–30‑ж‑нда биротоло тыюу салынган.
К. Асаналиев.