ДҮЙШЕЕВ Арстанбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 25 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШЕЕВ Арстанбек (16. 09. 1932, СССР, Кыргыз АССРи, Фрунзе облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы – 30. 6. 2003, Бишкек) – мамлекеттик жана партиялык ишмер, КРдин айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер (1992); ветеринария илимдеринин кандидаты (1970). 1954-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз Мамлекеттик Айыл Чарба институтун бүтүргөн. 1954–1957-жылдарда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Тоң совхо­зунда башкы ветврач, 1957–1960-жылдарда Нарын облу­сундагы Жумгал районунун Жумгал совхозунда директор, 1960–1962-жылдарда Кыргызстан КП Совет рай­комунун секретары, Кыргызстан КП БКда жооптуу уюштуруучу, 1962–1968-жылдарда Кыргызстан КП Өзгөн райко­мунун 1-секретары, 1968–1971-жылдарда Кыргызстан КП БКда секретарь, 1971–1979-жылдарда Кыргызстан КП Ысык-Көл об­комунун 1-секретары, 1979–1981-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, СССР Жогорку Советинин Президиумунун тө-


рагасынын орун басары, 1981–1986-жылдарда Кыргыз ССР Ми­нистрлер Советинин төрага­сы, 1986-жылдан Кыргызстан ве­теринария илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген. Ал 20дан ашык илимий эмгек­тердин автору. Илимий эмгекте­ри малдын кан мителери пайда кылуучу ылаңдарына каршы иш-чараларды иш­теп чыгууга багытталган. СССР Жогорку Сове­тинин (3 жолку), Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин (6 жолку) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектеги «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөр» аллеясында анын айкели тургузулган.