КАЗАКОВ Евгений Трофимович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:15, 18 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАКО́В Евгений Трофимович (1936, СССР, РСФСР, Астрахань шаары – 27. 05. 1986, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – генерал-­майор (1985). 1959-жылы Астрахань балык өнөр жай чарбасы техникалык институтун бүткөн. 1959–1966-жылдарда Аст­рахань облусунун Икрянск

районундагы С. М. Киров атындагы колхоздо инженер-механик, колхоздун төрагасынын орун басары, инженер-механик, комсомолдун Икрянск рай­комунун, Астрахань обкому­нун 2-, 1-секретары, 1966–1971-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитети­нин кадрлар башмармалы­гынын Астрахань облусу боюнча начальнигинин орун басары, 1978–1983-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1983–1985-жылдарда Кыргыз ССР ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.