КАЗАКОВ Евгений Трофимович
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЗАКО́В Евгений Трофимович (1936, Россия, Астрахань шаары – 27. 5. 1986, Фрунзе) – генерал-майор (1985). 1959-жылы Астрахань балык өнөр жайы ж-а чарбасы техникалык институтун бүткөн. 1959–66-жылдарда Астрахань облусунун Икрянск

районундагы С. М. Киров атындагы колхоздо инженер-механик, колхоздун төрагасынын орун басары, инженер-механик, комсомолдун Икрянск райкомунун, Астрахань обкомунун 2-, 1-секретары, 1966– 71-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин кадрлар башмармалыгынын Астрахань облусу боюнча начальнигинин орун басары, 1978–83-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1983–85-жылдарда Кыргыз ССР ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.