КОМСОМОЛ (Сокулук районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:25, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОМСОМОЛ 2 to КОМСОМОЛ (Сокулук районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Фрунзе айыл округуна караштуу. Со­кулук тажрыйба станциясынын аймагында, Бишкек – «Манас» автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 649 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сокулук кыштагынан 27 км түндүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 3441 (2022); негизинен жашылча өстүрүшөт. Негизги мектеп, 2 китепкана, бала бакча, клуб бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар иштейт.