КОМСОМОЛ (Сокулук районундагы кыштак)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОМСОМО́Л – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Фрунзе айыл округуна караштуу. Сокулук тажрыйба станциясынын аймагында, Бишкек – «Манас» автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 649 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыштагынан 27 км түндүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 3441 (2022); негизинен жашылча өстүрүшөт. Негизги мектеп, 2 китепкана, бала бакча, клуб бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар иштейт.