КОМСОМОЛ (Сокулук районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л – Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Фрунзе айыл округуна караштуу. Со­кулук тажрыйба станциясынын аймагында, Бишкек – «Манас» автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 649 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Сокулук кыштагынан 27 км түндүк-чыгыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 15 км. Кыштак 1936-жылы негизделген. Калкы 2247 (2007); негизинен жашылча өстүрүшөт. Негизги мектеп, 2 китепкана, бала бакча, клуб бар. Соода ж-а тамактануучу жайлар иштейт.