КОМСОМО (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 25 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОМСОМОЛ to КОМСОМО (Кочкор районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л (мурдагы К а р а - Б у л у ң, А к - К у д у к) – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Талаа-Булак айыл округуна караштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, деңиз деңгээлинен 2170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 56 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 119 км. Калкы 1584 (2022); негизи­нен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепка­на, бала бакча бар. Медпункт, соода түйүндөрү иштейт.