КОМСОМО (Кочкор районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОМСОМО́Л (мурдагы К а р а - Б у л у ң, А к - К у д у к) – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыштак. Талаа-Булак айыл округуна караштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, деңиз деңгээлинен 2170 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 56 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 119 км. Калкы 1584 (2022); негизи­нен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепка­на, бала бакча бар. Медпункт, соода түйүндөрү иштейт.