КОЛЛОИД СИСТЕМАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛО́ИД СИСТЕМАЛАРЫ – ири дисперсия­лык системалар м-н чыныгы эритмелердин ор­тосундагы дисперсиялык системалар. Алар дис­персиялык фазасынын өлчөмү 106–107 см, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 107–108 см турган гетерогендүү системалар. Газда ж-а суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, диспер­сиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу коллоид системалары (түтүн, золдор) туруктуу ке­лишет да, седиментацияланбайт, башкача айтканда чөкмө пай­да кылбайт. Коллоид системаларындагы дисперсиялык фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрөнүн молекула­лары м-н жакшы аракеттенсе, лиофилдүү кол­лоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу кубаты өтө аз. Лиофилдүү кол­лоиддер катуу заттын ири бөлүкчөлөрүнүн же суюктуктун тамчысы эң майда коллоиддик бө­лүкчөлөргө же мицеллаларга майдаланышынан пайда болот. Коллоид системаларынын бөлүкчөлөрү дисперсия­лык чөйрө м-н өз ара начар аракеттенсе, лио­фобдуу коллоиддер пайда болот. Буларда фаза­лар аралык тартылуу күчү көп. Ошондуктан кол­лоиддик бөлүкчөлөр ириленип, эркин беттик кубатты азайтат. Ал лиофобдуу коллоиддердин бузулушуна алып келет. Лиофобдуу коллоид­дердин туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөрдүн биригип жабышуусун токтотуу­чу заттар) колдонулат. Коллоид системаларына силикат жели­мине окшош заттар, суспензиялар, чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдардын гидро­ ж-а органозолдору ж. б. кирет.