КОЛЛОИД СИСТЕМАЛАРЫ
КОЛЛО́ИД СИСТЕМАЛАРЫ – ири дисперсиялык системалар м-н чыныгы эритмелердин ортосундагы дисперсиялык системалар. Алар дисперсиялык фазасынын өлчөмү 10–6–10–7 см, ал эми дисперсиялык чөйрөсү 10–7–10–8 см турган гетерогендүү системалар. Газда ж-а суюктукта алар тынымсыз эркин кыймылда болуп, дисперсиялык чөйрөгө текши таралат. Мындай эркин дисперсиялуу К. с. (түтүн, золдор) туруктуу келишет да, седиментацияланбайт, б. а. чөкмө пайда кылбайт. К. с-ндагы дисперсиялык фазанын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрөнүн молекулалары м-н жакшы аракеттенсе, лиофилдүү коллоиддер пайда болот. Алардын фазалар аралык беттик тартылуу кубаты өтө аз. Лиофилдүү коллоиддер катуу заттын ири бөлүкчөлөрүнүн же суюктуктун тамчысы эң майда коллоиддик бөлүкчөлөргө же мицеллаларга майдаланышынан пайда болот. К. с-нын бөлүкчөлөрү дисперсиялык чөйрө м-н өз ара начар аракеттенсе, лиофобдуу коллоиддер пайда болот. Буларда фазалар аралык тартылуу күчү көп. Ошондуктан коллоиддик бөлүкчөлөр ириленип, эркин беттик кубатты азайтат. Ал лиофобдуу коллоиддердин бузулушуна алып келет. Лиофобдуу коллоиддердин туруктуулугун сактоо үчүн стабилизатор (бөлүкчөлөрдүн биригип жабышуусун токтотуучу заттар) колдонулат. К. с-на силикат желимине окшош заттар, суспензиялар, чаң, түтүн, көбүктөр, эмульсиялар, туман, металлдардын гидрож-а органозолдору ж. б. кирет.