КОЛЛИНЕАРДУУ ВЕКТОРЛОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛИНЕАРДУУ ВЕКТОРЛОР (лат. соm – бирге ж-а linea – сызык) – бир түз сызыкка жарыш же бир түз сызыкта жаткан векторлор. Нөл век­тор (к. Вектор) каалаган векторго коллинеар­дуу деп эсептелет. Коллинеардуу векторлор бирдей багытка, ошондой эле карама-каршы да багытталышы мүмкүн. Эгер а– ж-а b эки вектору бир жакка багытталса, анда алар бир багыттуу деп аталып, a tt b түрүндө, ал эми карама-каршы учурунда алар a tJ. b деп жазылат. Коллинеардуу векторлор a 'Ab ('A 0) эки век­тордун коллинеардуу болуу шартын аныктайт, башкача айтканда сызыктуу көз каранды болушат. Эки век­тордун вектордук көбөйтүндүсүнүн нөлгө бара­бардыгы алардын коллинеардуулугунун зарыл ж-а жетиштүү шартын мүнөздөйт. Мейкиндик­те a(x1, y1, z1) ж-а b (x2 , y2 , z2 ) векторлору колли­неардуу болсо, анда алар сызыктуу көз каран­дылыкта болуп, алардын координаталары пропорциялаш келет: x1 y1 z1 .