КОЛЛИЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛИ́ЗИЯ (лат. collisio – кагылыш) – 1) к ө р­ к ө м а д а б и я т т а көз караштары, кызыкчылык­тары ар түрдүү адамдардын, социалдык топтор­дун ортосундагы кагылыштардын, күрөштүн сүрөттөлүшү. Бул терминди илимге Г. Гегель киргизген. Көп учурда көркөм чыгармада «конф­ликт» түшүнүгүнүн синоними катары колдону­луп, социалдык мүнөздө болот (к. Конфликт); 2) г е о л о г и я д а – эки же бир нече күчтүн бири-бири м-н кагылышуусу. Көбүнчө жер кыр­тышындагы литосфералык плиталарда байка­лат. Тектоникалык кыймылдарда жүрөт.