КОЛЛИЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛИ́ЗИЯ (лат. collisio – кагылыш) – 1) к ө р­к ө м а д-т т а көз караштары, кызыкчылык­тары ар түрдүү адамдардын, социалдык топтор­дун ортосундагы кагылыштардын, күрөштүн сүрөттөлүшү. Бул терминди илимге Г. Гегель киргизген. Көп учурда көркөм чыгармада «конф­ликт» түшүнүгүнүн синоними катары колдону­луп, социалдык мүнөздө болот (к. Конфликт); 2) г е о л о г и я д а – эки же бир нече күчтүн бири-бири м-н кагылышуусу. Көбүнчө жер кыр­тышындагы литосфералык плиталарда байка­лат. Тектон. кыймылдарда жүрөт.