КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК – бир нече автордун биригип, бир чыгарма жазууга каты­шуусу. Көркөм адабиятта эки түрдө кезигет: 1) эл­дик оозеки чыгармалар (эпос, ыр, анекдот, жо­мок, кошок, арман, макал-лакаптар ж. б.) түпкүлүгүндө бир киши тарабынан жаратылган болсо да, улам кийинки урпактар алымча-ко­шумча киргизип отуруп, ал коллективдик жал­пы белгилерди камтып калган. Мисалы, уламыш­та Манас каза болгондо чоросу Ырчы уулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы «Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мын­дай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар коллективдүү чыгармачылык м-н жа­ралган элдик мурастар; 2) кээде жазма адабиятта да бир топ автор биригип, бир чыгарманы иш­теши мүмкүн. Мисалы, «Семетей» эпосунун моти­винде акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либретто­сун жазышкан.