КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК
КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК – бир нече автордун биригип, бир чыгарма жазууга катышуусу. Көркөм ад-тта эки түрдө кезигет: 1) элдик оозеки чыгармалар (эпос, ыр, анекдот, жомок, кошок, арман, макал-лакаптар ж. б.) түпкүлүгүндө бир киши тарабынан жаратылган болсо да, улам кийинки урпактар алымча-кошумча киргизип отуруп, ал коллективдик жалпы белгилерди камтып калган. Мис., уламышта Манас каза болгондо чоросу Ырчы уулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы «Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мындай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар К. ч. м-н жаралган элдик мурастар; 2) кээде жазма ад-тта да бир топ автор биригип, бир чыгарманы иштеши мүмкүн. Мис., «Семетей» эпосунун мотивинде акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазышкан.