КОЛБООР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:32, 18 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛБООР – бүркүт кармоочу тор. Ал кереге сымал, үстү туюк, кээде ачык да болот. Колбоор кыр­гызда алгыр куштарды кармоо үчүн түйүлгөн торлордун байлооч тор деген түрүнө кирет. Бай­лооч тор бүркүт келип түшкүдөй үстү туюк, кээ­де ачык жайылып, бир нече ичке, узун таякча­ларга туш тарабы бүт керилип бекитилет. Тор көлөмү чоң, жиби жоон, көздөрү укум болуп түйүлөт. Айланасы 15–18 м, бийиктиги 3–4 м бо­луп, туташ же 3–4 бөлүктөн турат. Колбоор бүркүт учуп өтө турган мерчемдүү, бийик, кайкаң кел­ген көрүнөө жерге жайылат. Саятчы оочада күтүп жатпай, күн алыс келип текшерип, бай­лоочко жем, суу таштап кетип турат. Колбоордун ичиндеги байлоочко бүркүт тийгенде тордун ичи­не же сыртына чалынып, чатышып оролуп ка­лат. Байлоочту карышкыр, илбирс ж. б. жырт­кычтар жеп кетпесин үчүн колбоордун этек жагын чоң-чоң таштар м-н бастырып коёт. Колбоор учурда сейрек колдонулат.