КОЛБООР
КОЛБООР – бүркүт кармоочу тор. Ал кереге сымал, үстү туюк, кээде ачык да болот. К. кыргызда алгыр куштарды кармоо үчүн түйүлгөн торлордун байлооч тор деген түрүнө кирет. Байлооч тор бүркүт келип түшкүдөй үстү туюк, кээде ачык жайылып, бир нече ичке, узун таякчаларга туш тарабы бүт керилип бекитилет. Тор көлөмү чоң, жиби жоон, көздөрү укум болуп түйүлөт. Айланасы 15–18 м, бийикт. 3–4 м болуп, туташ же 3–4 бөлүктөн турат. К. бүркүт учуп өтө турган мерчемдүү, бийик, кайкаң келген көрүнөө жерге жайылат. Саятчы оочада күтүп жатпай, күн алыс келип текшерип, байлоочко жем, суу таштап кетип турат. К-дун ичиндеги байлоочко бүркүт тийгенде тордун ичине же сыртына чалынып, чатышып оролуп калат. Байлоочту карышкыр, илбирс ж. б. жырткычтар жеп кетпесин үчүн К-дун этек жагын чоң-чоң таштар м-н бастырып коёт. К. учурда сейрек колдонулат.