КОЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ
КО́ЛА ЖАРЫМ АРАЛЫ Россиянын европалык бөлүгүнүн түндүк -батышында. Мурма облусунда. Басымдуу бөлүгү уюлдук тегеректин түндүк бөлүгүндө. Баренц ж-а Ак деңиздери м-н чулганат. Аянты 100 миң км2дей. Түндүк жээги бийик, жардуу, түштүгү түзөң, жантайыңкы; Терск жээги деп аталат. Батыш бөлүгүндө Хибин тоолору (жарым аралдын эң бийик жери – Юдычвумчор чокусу, бийиктиги 1200,6 м) ж-а Ловозеро тундрасы (1116 мге чейин), борбордук бөлүгүндө Кейвы жалчалары жайгашкан. Кола жарым аралы тектоникалык жактан Балтика калканынын түндүк-чыгыш четин түзөт. Апатит рудасы (Хибин), глинозём сырьёсу (Кейвы), никель (Печенга, Мончетундра) ж. б. кендери бар. Климаты Атлантика жылуу агымынын таасиринен салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы түндүгүндө –8°С, борбордук бөлүгүндө –13°С, июлдуку 8–14°С. Босоголуу дарыялары (Поной, Вазуга, Умба, Нива, Тулома) ж-а көлдөрү (Имандра, Умбозеро, Ловозеро) көп. Түндүгүнө мамык чөп-эңилчектүү тундра, түштүгүнө токойлуу тундра ж-а тайга (негизинен мырза карагай, карагай, кайың) мүнөздүү. Күл ж-а саз, түндүгүндө тундра топурактары басымдуу. Жарым аралдын аймагында Кандалакша ж-а Лапландия коруктары жайгашкан.