КОКС ГАЗЫ
КОКС ГАЗЫ – көмүрдү кокстоодо бөлүнүп чыгуучу күйүүчү газ. 1 т көмүрдөн 310–340 м3 газ алынат. Кокс газынын курамында суутек, метан, көмүр кычкыл газы ж-а газ түрүндөгү углеводороддор, аммиак, күкүрттүү суутек, суу буусу ж. б. болот. Кайра иштетүү м-н мындай газдан таш көмүр чайыры, чайырдуу суу ж-а чийки бензол бөлүнүп, алардан таза химиялык заттар алынат. Температурасы 700°С болгон кокстоочу аппараттан чыгып жаткан газ муздатылганда чайырдын буусу, суунун буусу суюктукка, суюлтулган суунун буусунда аммиак эритмесине айланат. Сууда сиңирилбей калган аммиак күкүрт кислотасына сиңирилип, аммоний сульфатына айландырылат. Газдагы бензолдун ж-а анын гомологдорунун буусу соляр майына сиңирилүү м-н бөлүп алынат. Аммиакты өндүрүүдө суутектин булагы катары ж-а өнөр жай мештерин ысытууда колдонулат. Нефть продуктуларын (керосин, лигроин) кокстоодо чексиз углеводороддордон (этилен, пропилен, бутадиен) турган газдар пайда болот. Алар полимер материалдарын, органикалык заттарды алууда колдонулат. Мазутту кокстоодо бензин газ түрүндө бөлүп алынат.