КОКС ГАЗЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОКС ГАЗЫ – көмүрдү кокстоодо бөлүнүп чы­гуучу күйүүчү газ. 1 т көмүрдөн 310–340 м3 газ алынат. К. г-нын курамында суутек, метан, көмүр кычкыл газы ж-а газ түрүндөгү углеводо­роддор, аммиак, күкүрттүү суутек, суу буусу ж. б. болот. Кайра иштетүү м-н мындай газдан таш көмүр чайыры, чайырдуу суу ж-а чийки бензол бөлүнүп, алардан таза хим. заттар алынат. Темп­расы 700°С болгон кокстоочу аппараттан чыгып жаткан газ муздатылганда чайырдын буусу, суунун буусу суюктукка, суюлтулган суунун буу­сунда аммиак эритмесине айланат. Сууда сиңи­рилбей калган аммиак күкүрт к-тасына сиңи­рилип, аммоний сульфатына айландырылат. Газдагы бензолдун ж-а анын гомологдорунун буусу соляр майына сиңирилүү м-н бөлүп алы­нат. Аммиакты өндүрүүдө суутектин булагы ка­тары ж-а ө. ж. мештерин ысытууда колдону­лат. Нефть продуктуларын (керосин, лигроин) кокстоодо чексиз углеводороддордон (этилен, пропилен, бутадиен) турган газдар пайда болот. Алар полимер материалдарын, орг. заттарды алууда колдонулат. Мазутту кокстоодо бензин газ түрүндө бөлүп алынат.