КОКОН (пилла)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:23, 17 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page КОКОН to КОКОН (пилла)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́КОН , п и л л а – көптөгөн курт-кумурска­лардын куурчакчасынын коргонуу түзүлүшү. Кокон личинка куурчакчага айлануунун алдында бөлүп чыгарган жибек жиптен чиеленип куру­лат. Көптөгөн көпөлөктөр, ошондой эле кээ бир кумурс­калар кокон пайда кылат. Көптөгөн коңуздардын личинкалары (мисалы, узун тумшуктар) куурчак­чага айланарда өзү бөлүп чыгарган шилекейден Кокон курат. Сөөлжандар, сүлүк курттар, жөргө­мүштөр, кээ бир моллюскалар жумуртка коконун (пилласы) пайда кылып, анын ичинде жумурт­ка өөрчүйт.