КОКОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́КОН , п и л л а – көптөгөн курт-кумурскалардын куурчакчасынын коргонуу түзүлүшү. К. личинка куурчакчага айлануунун алдында бөлүп чыгарган жибек жиптен чиеленип курулат. Көптөгөн көпөлөктөр, о. эле кээ бир кумурскалар К. пайда кылат. көптөгөн коңуздардын личинкалары (мис., узун тумшуктар) куурчакчага айланарда өзү бөлүп чыгарган шилекейден К. курат. Сөөлжандар, сүлүк курттар, жөргөмүштөр, кээ бир моллюскалар жумуртка К-ун (пилласы) пайда кылып, анын ичинде жумуртка өөрчүйт.