КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 16 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–15-кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кой-Сары айылынын түштүгүндөгү тектирчеде жайгашкан. Шаар түндүк тарабынан Ысык-Көл м-н чектешип, түштүгүнөн коргонуу жалдары м-н бекемделген. Алгач 1869-жылы изилденген. Ка­зуу убагында бир топ курулуш (бышкан кыш­тан да жасалган) калдыктары, суу өткөрүүчү чопо түтүктөр, карапа идиштер, металл, таш, айнек буюмдар алынган. 1926-жылы шаар аймагы­нан байыркы түрк ж-а араб тамгалары жазыл­ган таш да табылган.