КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЙ-САРЫ ШААР КАЛДЫГЫ – 6–15-кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Кой-Сары айылынын түштүгүндөгү тектирчеде жайгашкан. Шаар түндүк тарабынан Ысык-Көл м-н чектешип, түштүгүнөн коргонуу жалдары м-н бекемделген. Алгач 1869-жылы изилденген. Ка­зуу убагында бир топ курулуш (бышкан кыш­тан да жасалган) калдыктары, суу өткөрүүчү чопо түтүктөр, карапа идиштер, металл, таш, айнек буюмдар алынган. 1926-жылы шаар аймагы­нан байыркы түрк ж-а араб тамгалары жазыл­ган таш да табылган.