КОБУЛ
КОБУЛ – капталдары салыштырмалуу тик, узун, кууш, оёң жер. Жер бетиндеги кобулга (рельеф пайда кылуучу дефляция, карст ж. б. процесстердин таасиринен пайда болгон) ж-а океан тереңдиктериндеги кобулга бөлүнөт. Океандагы кобул 5000 мден ашык тереңдиктерде жатып, узундугу бир нече миң кмге, туурасы ондогон ж-а жүздөгөн кмге жетет. Дүйнөлүк океандын, ошондой эле бүт Жер шарынын эң терең жери – Тынч океандагы Мариана кобулу, анын тереңдиги 11 022 м.