КОБУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБУЛ – капталдары салыштырмалуу тик, узун, кууш, оёң жер. Жер бетиндеги кобулга (рельеф пайда кылуучу дефляция, карст ж. б. процесстердин таасиринен пайда болгон) ж-а океан тереңдиктериндеги кобулга бөлүнөт. Океанда­гы кобул 5000 мден ашык тереңдиктерде жатып, узундугу бир нече миң кмге, туурасы ондогон ж-а жүздө­гөн кмге жетет. Дүйнөлүк океандын, ошондой эле бүт Жер шарынын эң терең жери – Тынч океанда­гы Мариана кобулу, анын тереңдиги 11 022 м.