КОБОРГОН-ТАШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОБОРГОН-ТАШ – байыркы түрк дооруна тие­шелүү археологиялык эстелик. Ат-Башы өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Чет-Келтебек суусун бой­лой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден чарчысынан келген таш коргончо­нун орду ж-а чопо идиш калдыктары табыл­ган. Түзүлүшү ж-а мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-кылымдар) доорундагы маркумга арнап орнот­кон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сы­ныктары Караханиддер дооруна мүнөздүү. Коборгон-таш эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай ка­тары пайдаланылган. 1989-жылы археолог К. Та­балдиев изилдеген.