КОБОРГОН-ТАШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОБОРГОН-ТАШ – байыркы түрк дооруна тиешелүү археол. эстелик. Ат-Башы өрөөнүнүн күн батыш тарабындагы Чет-Келтебек суусун бойлой кеткен капчыгайда тикесинен тургузулган. Бул жерден чарчысынан келген таш коргончонун орду ж-а чопо идиш калдыктары табылган. Түзүлүшү ж-а мааниси жагынан байыркы түрк (6–9-к.) доорундагы маркумга арнап орноткон эстеликтерге жакын, бирок чопо идиш сыныктары Караханиддер дооруна мүнөздүү. К.-т. эстелиги байыркы түрк доорунда курулуп, диний ырымдарды аткаруучу касиеттүү жай катары пайдаланылган. 1989-ж. археолог К. Табалдиев изилдеген.