КОБАЛЬТ
КО́БАЛЬТ (лат. Cobaltum), Cо – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобунда жайгашкан химиялык элемент, атомдук номери 27, атомдук массасы 58,9332. 1735-жылы швед химиги Г. Брандт ачкан. Табиятта кобальт туруктуу бир изотоптон 59Cо турат. Жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү изотоп 60Cо (жарым ажыроо мезгили Т 1/2=5,24 жыл). Белгилүү кычкылдануу даражасы +2 ж-а +3, кээде +1, +4, +5, б. эрүү t 1493°С; кайноо t 2277°С; тыгыздыгы 8,9 г/см3. Кобальт катуу металл, күмүш түстө; жеңил иштетилет, серпилгич, темирге окшош, болоттон да катуу, темир сыяктуу магниттик касиетке ээ, бирок ал касиетин 1121°Сден жогорку температурадан баштап жоготот.
Жер кыртышында 1,8 .10–3%ке жакын, сейрек таралган металл. 30дай минералы белгилүү. Жөнөкөй химиялык кошулмаларында II, ал эми комплекстүү кошулмаларында III валенттүү. Кобальт сууда ж-а абада туруктуу. 300°Сде оксиддик жука кабык (жашыл түстөгү СоО) м-н капталат. Суюлтулган HCl, H SO , HNO кислоталарында акырындык м-н эрийт. Галогендер м-н (F2ден башкасы) бөлмө температурасында, S, P,N2, Si, As м-н 300–
500°Сде аракеттенет. Ал Со О тү калыбына келтирүүдөн, кобальт хлоридин (CoCl2), кобальт сульфатын (CoSO4) электролиздөөдөн, никелдик, жез-никелдик, жез-кобальттык, мышьяк-кобальттык кендерден алынат. Күкүрт ж-а туз кислоталарында суутекти бөлүп чыгаруу м-н эрип, кызыл түстөгү кристалл-гидрат түрүндөгү туздарды пайда кылат: CoSO . 7H O, CoCl . 2H O. Ал азот кислотасы м-н аракеттенгенде, азот оксидине чейин калыбына келет. Кристаллдык кобальт нитраты – кызыл түстөгү кристалл-гидрат: Co(NO ) .
6H O. Кобальт ар түрдүү комплекстүү иондор м-н, [Co(NH ) ]3+, [Co(NH ) . H O]3+, [Co(NO ) ]3– ж. б. көп сандаган комплекстүү бирикмелерди пайда кылат.
Кобальт жогорку температурага чыдамдуу материалдарды даярдоодо колдонулуучу куймаларды алууда, коррозияга туруктуу материалдардын компоненти катары, курамында кобальт бар катализаторлорду даярдоодо, медицинада, техникада колдонулат. Ошондой эле кобальттан ар түрдүү боёктор, эмалдар даярдалат.