КОБАЛЬТ
КО́БАЛЬТ (лат. Cobaltum), Cо – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобунда жайгашкан хим. элемент, ат. н. 27, ат. м. 58,9332. 1735-ж. швед химиги Г. Брандт ачкан. Табиятта К. туруктуу бир изотоптон 59Cо турат. Жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү изотоп
60Cо (жарым ажыроо мезгили Т
1/2=5,24 жыл).
Белгилүү кычкылдануу даражасы +2 ж-а +3,
кээде +1, +4, +5, б. эрүү t 1493°С; кайноо t 2277°С; тыгыздыгы 8,9 г/см3. К. катуу металл, күмүш түстө; жеңил иштетилет, серпилгич, темирге окшош, болоттон да катуу, темир сыяктуу магниттик касиетке ээ, бирок ал касиетин 1121°Сден жогорку темп-радан баштап жоготот.
Жер кыртышында 1,8 .10–3%ке жакын, сейрек
таралган металл. 30дай минералы белгилүү. Жөнөкөй хим. кошулмаларында II, ал эми комплекстүү кошулмаларында III валенттүү. К. сууда ж-а абада туруктуу. 300°Сде оксиддик жука кабык (жашыл түстөгү СоО) м-н капталат. Суюл-
тулган HCl, H SO , HNO
к-таларында акырын-
2 4 3
дык м-н эрийт. Галогендер м-н (F2ден башкасы) бөлмө темп-расында, S, P,N2, Si, As м-н 300–
500°Сде аракеттенет. Ал Со О тү калыбына кел-
3 4
тирүүдөн, К. хлоридин (CoCl2), К. сульфатын (CoSO4) электролиздөөдөн, никелдик, жез-никелдик, жез-кобальттык, мышьяк-кобальттык кендерден алынат. Күкүрт ж-а туз к-таларында суутекти бөлүп чыгаруу м-н эрип, кызыл түстөгү кристалл-гидрат түрүндөгү туздарды пайда кылат: CoSO . 7H O, CoCl . 2H O. Ал азот к-тасы
4 2 2 2
м-н аракеттенгенде, азот оксидине чейин калыбына келет. Кристаллдык К. нитраты – кызыл
түстөгү кристалл-гидрат: Co(NO ) .6H O. К. ар
3 2 2
түрдүү комплекстүү иондор м-н, [Co(NH ) ]3+,
[Co(NH ) . H O]3+, [Co(NO ) ]3– ж. б. көп санда-
3 5 2 2 6
ган комплекстүү бирикмелерди пайда кылат.
К. жогорку темп-рага чыдамдуу материалдарды даярдоодо колдонулуучу куймаларды алууда, коррозияга туруктуу материалдардын компоненти катары, курамында К. бар катализаторлорду даярдоодо, медицинада, техникада колдонулат. О. эле К-тан ар түрдүү боёктор, эмалдар даярдалат.